www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын кыргыздарга кылган аскерий аракеттерин майда-чүйдөсү иликтесе эл аралык териштирүүгө негиз болуп берет. Мындай пикирди саясат таанучу Эмил Жураев билдирди.

--“Азыр эки тарап тең мындай жолдор менен чек ара маселелери чечилбесин, жок дегенде сөз жүзүндө түшүнүү менен моюнга алып жатышат. Мындай иштер тынчтык жолдор менен чечиле турган аракеттер менен бекемделиши зарыл. Ал иштер канткенде бекемделет? Азыр эки тарап тең, өзгөчө Тажикстан акыркы күндөрдө кылган аракеттерин артка тартып, ага чейинки статус-квого кайра кайтып, сүйлөшүү жолдорун кайра жандандырууга милдеттүү. Ошол эле кезде биз 29-апрелде болуп өткөн иш-аракеттерди буга чейинки көп инциденттердин бири катары карап келгенибиз туура эмес болот. Бул окуялар Кыргызстан тараптан толук иликтенип, ошол күнү болгон аракеттердин ар бир майда-чүйдөсү далилдер менен бекемделип, жакынкы келечекте эл аралык териштирүүгө негиз болушу зарыл”, -дейт талдоочу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости