www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМ: Баткен облусунун бардык район жана айылдарында абал туруктуу

2021-жылдын 5-майына карата Баткен облусунун аймагында, мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу. Бул аралыкта чек арага чектеш аймактарда түнкүсүн ок атышуулар жана башка окуялар катталган жок. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Чек ара тилкелеринде милициянын атайын кайгуул топтору күнү-түнү күчөтүлгөн режимде кызмат өтөп, жергиликтүү тургундардын коопсуздугун ыктыярдуу элдик кошуундун мүчөлөрү менен биргеликте камсыздашууда.

Андан сырткары, Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда келтирилген бардык чыгымдарды эсептөө жана иликтөө иштерин сапаттуу жүргүзүү максатында учурда аталган райондордо 48 ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат.

Бул каргашалуу окуянын жүрүшүндө Лейлек районундагы эки милиция аймактык пункту менен 707 аскер бөлүгүнүн имаратына зыян келтирилип, компьютерлер, мүлктөр жарактан чыгып, ИИМдин эки автоунаасы талкаланган.

Баткен облуста катталган бардык фактыларды ыкчам жана мыйзам чегинде тергөө, аныктоо иштерин Сүйүн Өмүрзаков көзөмөлдөөдө.

Ал иликтөөнүн жүрүшү боюнча 48 тергөө тобунун катышуусунда жыйын өткөрүп, отчетторун укту. Ар бир тергөө тобуна аткарган иштери боюнча кошумча тапшырмаларды берип, тез арада келтирилген чыгымдарды ыкчам тактоону жана иликтенип жаткан иштерди кыска мөөнөттө аягына чыгарууну талап кылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости