Бишкектин вице-мэри Айжан Чыныбаева кызматтан кетти. Себеби?
Коом  |   |  853

Бишкек шаарынын вице-мэри кызматынан өз каалоосу менен кете турганын 4-майда кечинде социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу жарыялаган. Анын себебин да айтты.

Айжан Чыныбаева Бишкек шаарынын вице-мэри болуп 2020-жылдын 29-октябрында дайындалган.

«Менин ден соолугум бул кызматта калууга жол бербейт. Себеби Бактыбек Кудайбергеновдун жетекчилигинде иштеген 3 айдын ичинде нерв системаларым жабыркады. Мен дарыланышым керек», - деп жазган.

Чыныбаева мэрдин милдетин аткаруучу Б.Кудайбергеновдун саясаты менен макул эмес.

«Мага кыйкырып жатышса, мен иштей албайм», - деген мурунку вице-мэр мэриянын кызматкерлери жыйындардан корко турганын кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями