www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунда ички жолдорго асфальт төшөлүүдө

Баткен облусунда ички жолдорду асфальттоо жумуштары кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Баткен шаарынын Ак-Таш участкасындагы, узундугу бир чакырымга жакын болгон Калыков көчөсүнө асфальт төшөлдү. Шаарда ушуну менен экинчи чоң көчөгө республикалык бюджеттин эсебинен асфальт төшөлдү. 

Белгилей кетсек быйылкы 2020-жыл ичинде облус боюнча жалпы 18 чакырым жолго асфальт төшөө пландалган, бүгүнкү күнгө 14 чакырым жолго асфальт төшөлүп бүттү. Ички жолдордун курулушу жана реконструкциялоо жумуштарын аткаруу үчүн жыл башынан бери 70 млн 200 миң сом акча жумшалды.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости