www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунда сасык тумоого каршы эмдөө жүрүүдө

Баткен облусунда сасык тумоого каршы эмдөө жүрүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, пандемиянын экинчи толкунун эске алуу менен, эл арасында сасык тумоонун алдын алуу максатында өлкөнүн башка аймактары сыяктуу эле Баткен облусунда да сасык тумоого каршы акысыз эмдөө жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, эмдөө биринчи кезекте ооруну жуктуруп алуу тобокел тобуна кирген, көп ооруган 5 жашка чейинки балдарга, кош бойлуу аялдарга, өнөкөт оорулары бар адамдарга, 65 жаштан жогорку курактагы адамдарга жана медицина кызматкерлерине жасалууда.

Облуста жалпы 9000 адам эмдөөдөн өтүүдө. Адистер алдыда дагы этап-этабы менен эмдөө жүргүзүлөөрүн айтышат.

Дарыгерлер сасык тумоого каршы эмдөө күз-кыш айларында өтүүчү сасык тумоонун курч түрлөрүнөн сактайт жана оору жуккан учурда да ал жеңил өтөөрүн белгилешет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости