www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө үйлөр курула баштады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
"Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бүгүн, 8-майда, Баткен облусунда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги жаңжалда курман болгон 36 жарандын үй-бүлөсүнө үй куруп берүү иштери башталды", — деп айтылат билдирүүдө.
Ал эми башка жабыр тарткандардын турак жайын, талкаланган социалдык жана соода объектилерин калыбына келтирүү иштери жакын арада башталары кошумчаланды.

29-апрелде Баткендин Ак-Сай айыл аймагындагы "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайда тажик аскер күчтөрү кыргыз чек арачыларына, карапайым тургундарга карата ок аткан. Бул чоң жаңжалга айланып, тажик тарап миномёт, гранатомёт сыяктуу куралдарды колдонгон. Муну менен гана чектелбей алар Ми-24 тик учагы менен кыргыз айылдарын талкалаган.

Кол салуунун кесепетинен 170тен ашуун турак жай, медициналык жана билим берүү мекемелеринин имараттары, инфраструктура объектилери жана жарандардын мүлкү күйүп кеткен.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости