www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жеңиш Молдокматов сотко жеткирилди

Бүгүн, 8-майда активист Жеңиш Молдокматов Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна жеткирилди. Сот анын баш коргоо чарасын тандашы керек.

Молдокматов ИИМ тарабынан УКМКнын имаратын басып алууга шектелип кармалган. Бирок ал журналисттерге өзүн күнөөлүү деп эсептебей турганын айтты.

Андан тышкары соттун алдына активисттин 20дай тарапташы топтолду. Алар Молдокматовду бошотууну талап кылышууда.

Белгилей кетсек, Молдокматов 6-майда саат 9да дагы бир иш боюнча суракка кирет.

Эске салсак, былтыр 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан улам нааразылык чыгып, 5-6-октябрь күндөрү калайман тополоң болгон жана ал бийлик алмашуу менен аяктаган. Митингчилер президент жана парламент отурган имаратты, атайын кызматты, басып алышып, абактарда отурган бир катар саясатчыларды бошотушкан. Кийин алардын көбү кайра камалып, айрымдары качып кеткен.

Өз кезегинде Жеңиш Молдокматов соңку парламенттик шайлоодо «Замандаш» партиясын жетектеп барган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости