www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кочкор районунун 66 жаштагы тургуну Асипа Кадыркулова Башкы дарыгер Турат Жумабековдон кордук көрүп келгенин айтат. Ал бүгүн, 8-майда NazarNews маалымат агенттиги аркылуу президентке кайрылуу жасады.

--“Мен 66 жашка чыктым. Нарын облусунун Кочкор районунуда жалгыз жашайм. Ошол аймактагы ооруканада 40 жыл пол жууп иштедим. Мен иштеп жүргөн учурда жараксыз болуп калган больницаны 12 кызматкерге өмүр бою жашаганга беришкен. Алардын катарында мен дагы бар бочумун. Кийин пенсияга чыгып, бош үйдө отуруп калдым. Анан Кочкордун башкы дарыгери Турат Жумабековго барып “үйдө кечке отурам, акчасы аз болсо дагы больницаны тазалап иштей берейин” жумушка алыңыз деп сурансам, бир кой берүүмдү айтты. Ошондо “Менин короом эмес, үйүм жок болсо кайдагы кой?” деп чыгып кеткем.

Кийин дагы жумушка алуусун өтүнүп, 2500 сом берсем, кубанып чөнтөгүнө салып алды. Баягы жумуштан кабар жок бир жыл өттү. Жумабековго барып акчамды сурасам, урушуп, азыр жашап жаткан үйүңдөн чыгарам деп оңураңдады. Ошону менен ыйлап кетип калгам. Көрсө ал мени үйдөн чыгаруунун амалын көрүп, сотко берген экен.

Ал бийлигинин, акчасынын күчү менен мени соттон утуп алды. Акыйкат издеп, барбаган жерим, какпаган эшигим, кайрылбаган адам калган жок. 2019-жылы ошол кездеги Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев ал үй ооруканага тиешеси жок экенин тастыктаган документтерди берди. Көрсө Турат Жумабеков мыйзамсыз эле мени ал жактан кубалап жүрүптүр.

Кийин дагы анысын токтотпой кароолчуларды, милиция кызматкерлерин жиберип, менин чыгып кетүүмдү талап кылды. 6-7 милиция кызматкрелери түндө келип Жумабеков жиберди, чыгыңыз дешет. Кыйынмын деп мага аябай көп кордук көрсөттү. Кыштын кыраан суугунда светимди өчүртүп коёт.

Акимчиликке арызданып барсам, ал жактагы кызматкер документтериңизди чогултуп, карылар үйүнө барып жашаңыз дейт. Аймактагы чоңдорго баргандан деле пайда жок болуп калды.

Кечээ ушул иш боюнча Бишкекке келгем. Анан Турат Жумабековдун адамдары үйүмдүн эшигин, терезелерин талкалап кирип, ичиндеги оокаттардын баарын сыртка чыгарып коюшуптур. Аны мага кошуналар, тааныштар айтып, сүрөт, видеолорун кетиришти. Бүгүн ошол үйлөрдүн баарын бузганга келишиптир.

Азыр бир гана кайрылбаган президент Садыр Жапаров калды. Урматтуу Садыр Нургожоевич, Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менин көйгөйүмдү чечип берүүңүздөрдү өтүнөм. Азыр барып жашай турган үйүм жок. Ушунча жылдан бери кордук көрсөтүп келген Турат Жумабековго бир чара көрүп берсеңиздер”, - дейт Кадыркулова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости