www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен ОИИБдин Милициянын кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын туристтик взводу тарабынан Кадамжай районунда жайгашкан «Ак-Кайың» эс алуу жайында коомдук коопсуздукту камсыздоо жана жарандардын коопсуз эс алуусу үчүн тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Кызмат өтөө учурунда эс алуучулардын коомдук тартипти сактоосу көзөмөлгө алынып, укук бузуулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле жарандарга өздүк коопсуздукту сактоо, балдарды кароосуз калтырбоо, өрт коопсуздугунун эрежелерин так аткаруу жана жаратылышты таза кармоо боюнча эскертүүлөр берилди.
Туристтик взводдун кызматкерлери эс алуу жайынын аймагында үзгүлтүксүз кайгуул жүргүзүп, жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп берип, коомдук тартиптин бузулушуна жол бербөө боюнча алдын алуу иштерин уюштурушту.
Баткен ОИИБдин Милициянын кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын туристтик взводу мындан ары да туристтик аймактарда коомдук коопсуздукту камсыздоо жана укук бузуулардын алдын алуу багытындагы кызматтык милдеттерин күчөтүлгөн тартипте аткарууну улантат.