www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Сеидбек Атамбаев Ысык-Ата районунун тургундарынын өтүнүчү боюнча Чүй облусунун Ысык-Ата районуна иш сапар менен барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү.

Жашоочулар негизинен №160, №75, №337, №204 схемаларындагы, ошондой эле №153 контурга кирген Норус, Ичке-Суу, Үч-Эмчек, Карагай-Булак, Кебек-Бий, Тогуз-Булак жана Алмалуу айылдарындагы жер мунапысына байланышкан маселелерди чечүү зарылдыгын билдиришти.

Мындан тышкары Норус капчыгайы аркылуу өткөн жолду оңдоо өтүнүчү да айтылды.

Эл өкүлү Сеидбек Атамбаев аталган суроо-талаптар тийиштүү мамлекеттик органдар менен бирге караларын белгилеп, кыска убакытта чечилиши үчүн аракет жасай турганын кошумчалады.

Последние новости