www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунун жашоочуларына 2,7 млрд сом насыя берилди

Финансы-кредиттик уюмдар (ФКУ) Баткен облусунун тургундарына 2,7 млрд сомдон ашык кредит берди. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 18-ноябрында кабыл алынган токтомду ишке ашыруу максатында, ФКУ Баткен областындагы карыз алуучулар боюнча бир катар чараларды көргөн:

- 2022-жылдын 18-ноябрынан 2023-жылдын 28-февралы аралыгында ФКУ тарабынан 2 млрд 799, 9 млн сомго 27 миң 207 кредит артыкчылыктуу тартипте каралган жана берилген;

- "Кепилдик фонду" ААК 254,4 млн сом суммасына 232 кредит боюнча 115,5 млн сом суммасына 228 кепилдик берген.

Учурда ФКУлар жабыркаган карыз алуучулардан келип түшкөн бардык арыздарды карап жатат жана алар банк мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүшөт.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости