www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 10-мартта Бишкек шаардык сотунда жарандык активисттер, журналисттер жана саясатчылар айыпталып жаткан Кемпир-Абад окуясы боюнча соттук отурум уланууда. Сот Биринчи Май райондук сотунун чечими менен макул болбогон 12 адамдын жактоочуларынын арызынын негизинде баш коргоо чарасын карап, ага ылайык, кармалгандар ушул жылдын 20-апрелине чейин камакта калтырылды.
Соттук коллегия айыпталуучу Атай Бейшенбектин кызыкчылыгын коргогон адвокаттар Тимур Султанов менен Канат Хасановдун арызын карады.
Хасановдун айтымында, алардын иши боюнча сот үч мүнөттөн ашкан жок. "Прокурорлор айыптоого бел байлап, соттордо мыйзамдуулуктун ордуна "телефондук мыйзам" бар болсо, эмне үчүн биз сотто бир нерсе айтышыбыз же сүйлөшүбүз керек? Биз нааразычылык иретинде сүйлөөдөн баш тарттык", - деди жактоочу.
Жыйынтыгында сот дароо Атай Бейшенбекти камакта калтыруу чечимин чыгарды.
Булак: NazarNews.kg