www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Милицияга 10-мартка караган түнү Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасынан «ооз көңдөйүнүн жана кызыл өңгөчтүн химиялык күйүк» диагнозу менен 2021-жылы туулган бейтап У.А. жаткырылганы тууралуу маалымат түшкөн.
Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, ооруканага ыкчам-тергөө тобу келген.
Баланын энеси милицияга 4-март күнү түштөн кийин баласы менен борбор калаадагы соода борборлорунун биринде жайгашкан кафеде болгонун билдирген. Мекеме үчүнчү кабатта жайгашкан. Столдун үстүндө турган пол жуугуч суюктукту наристе чуркап келип, ичип алган. Аял баланы кустурууга аракет кылган, бирок анын абалы начарлап кеткен. Ошол күндөн бери алар ооруканада жатат.
Аталган факты каттоого алынган. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.
Булак: NazarNews.kg