www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облустук ички иштер башкармалыгында 2025-жылдын сегиз айында аткарылган иштердин жыйынтыгын талдоого арналган ыкчам-кызматтык кеңешме өттү.

Жыйынга ОИИБдин жетекчилиги, бөлүм башчылары, райондук жана шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана алардын орун басарлары катышты.

Кеңешмеде коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыктары талкууланды.

Ошондой эле жарандардын арыз-даттанууларын кабыл алуу жана кароо, алардын өз убагында чечилиши, ошондой эле милициянын көчмө кабылдамалары аркылуу көрсөтүлүп жаткан сервистик кызматтардын сапаты боюнча маселелер каралды.

Жарандардын ички иштер органдарына кайрылуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, коомдук жайларда кылмыштуулуктун алдын алуу иштерин күчөтүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Баткен ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Улан Жукенов райондук жана шаардык ички иштер бөлүмдөрүндөгү коомдук кабылдамалардын ишин талаптагыдай уюштуруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Элге сервистик тейлөө көрсөтүү жагы колго алынып, жарандар тарабынан кайрылган ар бир арыз мыйзам негизинде чечилүүсү зарыл», — деди Улан Жукенов.

Ошондой эле ал жарандардын кайрылууларын мыйзам талаптарына ылайык өз убагында жана сапаттуу кароону камсыз кылуу боюнча жетекчилерге тапшырмаларды берди.

Последние новости