www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен тууралуу президент Жапаров жакшы сөздөрүн арнады. Ооба, аны ойлонтуп, толгонтуп жаткан Баткен экен. Муну түшүнүүгө болот. Совет мамлекети учурун кыргыздар кыйла пайдаланды. Айрыкча кыргыздарды көтөрүүгө. Маркум профессор Осмоналиев агай өтө кыргызчыл адам эле. Лекцияда ал өз оокатын кылып, социализм тууралуу мээге куя турган.
Бир ирет бет маңдай жолугушуп турганда кыргыз элине болгон куштарлыгын айтып калды. Кыргыз эли үркүндө бир катуу кырылыптыр, андан соң Улуу Ата-Мекендик согушка жигиттеринин барын жиберип, саны азая түшүптүр. Согуш бүткөн соң кыргыздар айрыкча Брежневдин заманын жакшы пайдаланып, ар бир үйдө орточо 5-10 бала өсүп, кыргыздар эки эсе көбөйгөнүн айтып калчу, жарыктык.
Биз ошол көп балалуу үй-бүлөдө өскөндөрдүн катарындабыз. Азыркыдай аз сандагы бала болсо, ата-эненин оюнан алыс кетпейт. Ал эми көп баланын ата-эне кимисин көбүрөөк ойлоочу эле? Бала кезде кимди ойлойт иш деле жок да, бирок ким ооруп жатса ата-эненин кыйпычыктап жанынан чыкпай турганы көзгө элестелет. Демек, ата-эне ким ооруса ошону көбүрөөк ойлоп, ошого көбүрөөк имерчиктечүү окшойт.
Президент Садыр Жапаров да Баткен тууралуу ойлоп турганы жөндүү. Анткени бийлик кыргыз элинин ата-энеси болууга тийиш. Бийлик эмес Баткен жакта болуп жаткан окуялар бардык элдин жүрөгүндө. Ооруп турган балага ата-эненин жүрөгү сыздагандай эле, Баткен жакта болуп жаткан окуяларга президент Жапаровдун ичи сыздап турганы дурус.
Баткен кыргыз элинин көңүлүндө турган соң ал жактан кимдер эл өкүлү болуп келээри тууралу айта кеткенибиз да оң. Бул жерде чоң партиялар ат салышып жатат. Алсак, Мырзакматов жетектеген «Улуттар биримдигинен» Сейитжан Эратов, Бактыгүл Момбекова, Мадумаровдун «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан Исхак Масалиев жана жаңы түзүлөөр менен бийликти жалдырап карап турган «Ишеним» партиясынан Мамыржан Рахимов, мурунку губернатор Султанбай Айжигитов жана башкалар.
«Ишеним» партиясы көпчүлүктүн ишенимине толбоптур, ошол үчүн бул партияны шайлоого өткөзбөш үчүн тиешелүү жерлерде «Ишеним» партиясынын «баткактарын» чогултуп БШКга өткөзгөнү жатышат. Бүгүн-эртең өткөзөөрү бышык, анткени ишемби күнү муну өткөзүүгө болбойт.
Деги «Ишеним» партиясынын таянганы ким? Көрсө бул партия Баткен облусун өкчөп, «өзү бий, өзү хан» болуп турган экс-депутат Бурканов Арзыбектин арзуусуна татыган партия деп айтылууда. Буурадай буркулдап турган Бурканов азыркы бийликти жаманатты кылып түз эле административдик ресурс менен шайлоодон «Ишеним» партиясын өткөзүүгө чамынып турат.
Баткенди көп жылдан бери шопурлар тейлеп калды. Атамбаевдин шопуру баткендик Икрам Илмияновдон соң, ушул тапта Баткенди таптап, акактатып турган шопур Маруфжон-ака бүгүн Баткен администрациясын өзү тейлеген экинин бири. Маруфжон-ака учурунда КамАЗ айдап шопур болгону менен, бул күндө «Ишенимди» ишенимдүү жөлөгөн, майга талкан көөлөгөн, эмитен мен депутатмын деп добулбас кагып турган Мамыржон Рахимовдун жөлөгү менен Баткенди алаканына салып турган «монстр».
Мамыржон Рахимов кайберендин канын касам кылып ичишкен Буркановдун антташ досу. Мына, арифметика! Ал эми бул партиядагыпарды эркелетип турган Дарыйка Калыкованын болушу минус жаратат. Жетеленип келген «замгубернатор» акактап бул партияны колдоп жатканы азыркы мыйзамга сыябы?
Былтыркы парламенттик шайлоодо «Биримдик» партиясы бийликтин алмашышына шарт түзгөн. Ушул партияда Арзыбек Буркановдун кан досу №81 Мамыржан Рахимов деген талапкер болгон. Быйылкы парламенттик шайлоодо ал партияны тезинен өзгөрттү да досу, Баткенди алаканына салып жүргүсү келген экс-депутат Арзыбек Буркановдун «Ишеним» партиясын алдыга сүрөөгө алган. Мамыр Рахимов бүгүнкү күндө «Ишеним» партиясында №7 орунга жеткен. Бир гана, эми маселени орундар чечпеси бышык. Быйылкы шайлоонун жакшы жери - №1 болсоң да, эл сүрөбөй койсо партия чыгып, парламентке жетпей калат.
«Улуттар биримдиги» партиясы өлкөнүн ичинде жана чет мамлекетте жашаган кыргызстандыктар Баткен облусуна жардам кылуу боюнча демилге көтөрүп жатат. Негизинен, имараттарды, курулуштарды жана социалдык объектилерди калыбына келтирүүгө, андан сырткары, чек ара жаңжалында жабыркап, зыян тарткандарга жардам кылуу ниети бар. Буга чейин коммерциялык уюмдар да көмөк көрсөтүү ниетин билдирип, мамлекеттик органдардын кызматкерлери бир күндүн айлык акысын которушкан. Министрлер кабинетинин Баткен облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн атайын эсебине 116 миллион сом, ӨКМдин атайын эсебине 2,5 миллион сомдон ашык акча чогулган..
«Улуттар Биримдиги» партиясынын негизги милдети — жаңы жумуш орундарын түзүү менен социалдык жана инфраструктуралык объектилерди куруу, жашоочуларды таза суу жана сугат суу менен камсыз кылуу, инвестицияларды тартуу сыяктуу актуалдуу маселелерди чечүү аркылуу аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу. «Улуттар Биримдиги» партиясы Баткен облусунда жашаган ар бир үй-бүлөнүн жашоосунда чыныгы өзгөрүүлөргө жетишүүсү керек. Адамдар ыңгайлуу жана коопсуз чөйрөдө жашашы керек. Ал үчүн аймакты өнүктүрүү программасын мониторингдөө, баалоо жана көзөмөлдөө боюнча Координациялык кеңешти түзүү менен аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт.
Жеңилдетилген каржылоонун механизмдери иштелип, облусту өнүктүрүү бюджетин түзүүнүн атайын тартиби бекитилиш керек, мамлекеттик кепилдиктерди караган атайын салык жана инвестициялык режим киргизилүүгө тийш.
«Улуттар Биримдиги» партиясы регионго өзгөчө статус берилиш керектигин, товарларды, мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруунун өзгөчө режимин киргизүүгө тийиштигин жана Баткен облусунун калкына мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө жеңилдиктер сунуштуулуга тийиштигин айтып жатат. «Улуттар Биримдиги» партиясынын пикиринде Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ыйгарым укуктарын күчтөндүрүү жана ага төмөнкү укуктардын ыйгарылуусу каралган:
- атайын функционалдык-административдик, уюштуруучулук-бөлүштүрүүчү ыйгарым укуктар жана өзгөчө статус;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык түзүмдөрүнүн ишин жана укук коргоо органдары жана күч түзүмдөрү менен өз ара аракеттенүүнү координациялоо боюнча ыйгарым укуктар.
Эл чек ара үчүн урушуп жатса экс-губернатор Суваналиевдин ою губернаторго кошумча ыйгарым укук берүү боло турган. Баткен жергесинде чыр-чатактын ордосу түзүлгөн. Андан тышкары Лейлек району Бишкек шаарынын райондору, Ысык-Көл району сыяктуу Кыргызстандагы эң «кадыр-барктуу» райондордун катарына кирет. Бул тууралуу учурунда премьер-министр Жумабек Ибраимов айтып кеткен, ошол учурда эле бул райондорго аким болуш үчүн 200 миң доллар берчү экен. Анткени, Лейлек районунда көрүнбөс наркотрафик жана контрабанданын жолдору чиеленишип жатат. Бул жерде Аскар Шадиев губернатор кезинде 104 гектар жер Тажикстанга берилип кеткен деп айтылууда.
Баткендин экс-губернатору Суваналиев өзүн кристаллдай таза сезип, контрабанданы күчөткөн шопур болчу дейт. Мейли контрабанданы Илмиянов күчөтсүн, ал эми губернатор Суваналиев болуп туруп карапайым элди кабыл албай, Тажикстанды көздөй жогору жактан уруксаты жок, кирип кеткени абийир алып келдиби? Аны эл чек ара чырын басат деп ишенип алып келсе, ал болсо жашырынып "шпион" Жеңиш Разаковго окшоп, Рахмон жетектеп турган Тажикстанга, Согди облусунун Хожент шаарына кирип кетип үч күндөн кийин кайра келген.
Эгер Суваналиев губернатор болуп турса, эмгиче Баткенге берген эсепке салган жардамдардын ишпалдасы чыкмак. Азыркыга чейин бул козголо элек. Баткендиктер үчүн жеңил конструкцияда 46, ал эми каза тапкандардын үй-бүлөсү үчүн кирпичтен 36 үй курулуп жатат. Мындан сырткары, социалдык объектилер — мектеп, бала бакча жана ФАПтар курулуп, оңдолуп-түзөлүп жатышы жакшы көрүнүш. Турак үйлөр тартылган демөөрчүлөрдүн эсебинен, ал эми социалдык объектилердин арбыны мамлекеттик бюджеттин эсебинен салынып жана калыбына келтирилүүдө.
Баткендеги контрабанданын баары «шопур» учурунда күчөгөн. Мындай жогорку классикалуу ой-жорууну Баткен облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүл Өмүрбек Суваналиев super.kg порталына берген интервьюсунда саймедиреди: «Контрабанда боюнча айтылып жаткан сөздөрдүн баары чын. (Контрабанда бар экенин Суваналиев мойнуна алган). Өзүңөр ойлоп көрсөнөр, эң жакыр облус - бул Баткен облусу. Жада калса таза суу маселелеринде тартыштык бар. Жөнөкөй эле түтүк чыгара турган заводду ал жакка эч ким курган жок.
Бирок шайлоого келгенде депутаттыкка аттангандар миллиарддаган сому коротуп жатпайбы. Бул эмнени билдирет? Бул деген бүт баары контрабанда менен байыды дегенди түшүндүрөт. Баары «шопурдан» башталган. Андан ары чоң кызматтагылардын өкүл баласы, күйөө баласы болуп уланып кеткен. Алардын Баткенде 1 дагы фирмасы жок. Баары Бишкекте, сайттары, телеканалдары бар. Алар Баткенди жөн гана колдонуп келишкен жана контрабанданы ошол бойдон кармап тургусу келет», - деп өзүнө эч нерсе жолоткусу келбейт Суваналиев.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg