www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Ата Мекен» партиясынан талапкер Али Токтакунов буга чейин өзүнүн «баатыр» кылып тарткан тасмасында, Кара-Суу эли кадыр барктаган Райымбек Матраимовду бир беткей каралап, өзүнө добуш топтоо максатында, Матраимовду «киллер» катары айтып берген. Бул кадам Али Токтакуновдун өз кызыкчылыгына пайдаланып, бирөөнү каралап, күнөөлөп жатат» - дейт, Нарын облусунун тургуну, активист Урмат Акунов.
«Негизги чырдын башы Али Токтакунов менен Темирлан Султанбековдун теледебаттан кийин кайым айтышуусунан улам, Токтакуновдун бетин Темирлан ачып берди. Ал тургай Темирлан Султанбековдун, Али Токтакунов, Райымбек Матраимовду каралоо үчүн 100 миң АКШ доллар алган», - деп социалдык тармактарга жайылып кетти.
Ат тезеги кургабай жатып, Али Токтакунов өзүнүн шайлоого карата тартылган тасмасында адатына салып, Райымбек Матраимовду бир беткей каралап, ал тургай өзүнүн өмүрүнө коркунуч келтиргендигин айтты. Али өз сөзүндө, Матраимовду киллер катары сүрөттөгөндөй болгон. Мен Матраимовдун бирөөнү өлтүрүп же өлтүртүп койгонун уга элекмин. Али өзүн улуттук лидер катары көрсөтпөшү керек.
Андыктан биз, жарандык коом, БШКга жана УКМКга талап коебуз, Али Токтакуновдун көркөм тасмасын кылдаттык менен карап чыгып, токтоосуз дыкат көзөмөлгө алышы керек деген талап коёбуз.
Кыргызстанда Райымбек Матраимовдон 20 эсе байлыгы көп, мамлекеттин казынаны жеген байлар бар. Мен таң калам Матраимовдон башканы көрө албаган адамдарга. Дагы бир нерсени баса белгилеп кетейин, Али Токтакунов ошол иликтөөсүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен Бажынын ошондогу төрагасы Кубан Кулматов тууралуу ооз ачкан эмес. Өз билгенин кыла бергендей Матраимовдун башы алтоо эмес да. Демек, СДПКнын өкүлү Темирландын акча тууралуу айтканында жан бар» , - дейт Урмат Акунов.
Булак: NazarNews.kg