www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президентти ташыган авиакомпания жаңы учак сатып алат

Президенттин чет өлкөлүк каттамдары үчүн колдонулуучу №1 борт моралдык жактан эскирген. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинин директору Александр Настаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, учак үчүн жыл сайын көп чыгым сарпталууда. «Ал кеминде дагы бир жыл талапка жооп берет. Бул учакты иштеткен авиакомпания менен учакты алмаштыруу боюнча сүйлөшүү зарыл», - деди ал.

Эске салсак, 31-октябрда Садыр Жапаров иш сапары менен Глазго шаарына барган. Өлкө башчынын менчик учак жалдап барганы кызуу талкуу жараткан. Президенттик администрациянын маалымат кызматы Жапаровду ташыган №1 борт (Ту-154) Евробиримдиктин жана Улуу Британиянын техникалык нормаларына дал келбегендиктен, кыргыз тарапка мындай самолёт менен келүү мүмкүн эместигин кабарлаганын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости