www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 2026-жылдын 29-январында Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраевдин Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Баткен шаарындагы жогорку чыңалуудагы жаңы курулган 110/35/10 кВ “Суу-Башы” көмөк чордону расмий түрдө пайдаланууга берилди.
Министр Т.Ибраев жаңы көмөк чордонду ишке киргизип жатып, жыл сайын керектөөчүлөрдүн саны өсүп жатканын, буга ылайык кубаттуулукту жогорулатуу, генерацияны көбөйтүү бүгүнкү күндүн талабы экенин баса белгиледи.
“Урматтуу бүгүнкү иш-чаранын катышуучулары! Өзүңүздөр билгендей 2025-жылы бир катар көмөк чордондорду куруп, ири ГЭСтердин гидроагрегаттарын реконструкциялап, чакан ГЭСтерди, күн электр станцияларын ишке киргиздик. Жыл сайын электр энергиясын керектөөчүлөрдүн саны дагы өсүп жатат. Ири турак-жайлар, заводдор курулуууда. Буга байланыштуу генерацияны жогорулатуу бүгүнкү күндүн талабы. Андыктан ар бир ишке кирген көмөк чордон калкты электр энергиясы менен камсыз кылууда чоң өбөлгө түзөт. Бул көмөк чордон дагы эл үчүн кызмат кылат. Биз муну менен токтоп калбашыбыз керек. Биздин милдет элди жарык жага жылуулук менен камсыз кылуу” - деди министр.

110/35/10 кВ “Суу-Башы” көмөк чордонунун тейлөө аянты 500 чарчы метрди түзөт. Долбоор “КУЭТ” ААК менен Баткен шаардык мэриясынын биргелешкен аракетинде ишке ашырылды. Долбоорду ишке ашырууга 55 758 миң сом акча каражаты жумшалды. Анын ичинен:
• Баткен электр тармактары 19 958 миң сомдук кошумча материалдар сатып алды.
• Баткен шаардык мэриясы тарабынан 35 800 миң сомдук жабдуулар сатып алынды.
• Курулуш иштерин Баткен электр тармактар ишканасынын өз күчү жана чарбалык ыкма аркылуу толук кандуу аткарылды.
Жаңы 110/35/10 кВ “Суу-Башы” көмөк чордону ишке кирүүсү менен Баткен шаарындагы “Жаңы-Достук” айылы, өнөр жай аймагы, “Баткен Сити” конушу, 10 миң көрүүчүгө ылайыкташкан жаңы стадион, Чет-Булак кварталындагы турак жайлар , Бужум айылы, РФ тарабынан курулуучу орус мектеп жана 2224 турак үй туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз болот.
Мындан тышкары бул маанилүү энергетикалык объект төмөнкү станцияларды электр энергиясы менен камсыздайт:
• Кара Булак 35/10 кВ
• Кара Токой 1 – 35/10кВ
• Кара Токой 2 –35/10кВ
• Ширечь – 35/10 кВ
Көмөк чордон 150 метр аралыкта жаңы курулган 110 кВ Айгүл-Таш- Центральная аба чубалгысына туташтырылган.
Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө Баткен электр тармактар ишканасына өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатуу жана авариялык кырдаалдарга ыкчам чара көрүү максатында жалпы 4 даана автоунаа жана атайын техника тапшырылды
Атап айтканда:
• JAC N8 үлгүсүндөгү 3 даана автоунаа,
• JAC N56 үлгүсүндөгү 1 даана автоунаа,
• SHANMON үлгүсүндөгү 1 даана экскаватор.
Аталган техникалар энергетиктердин күнүмдүк ишин жеңилдетип, электр тармактарын тейлөө сапатын жакшыртууга, ошондой эле аймакта калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого багытталган.
Мындан тышкары министр Т. Ибраев Баткен электр тармактар ишканасынын кызматкерлери менен жолугушуу өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө кызматкерлер тарабынан көтөрүлгөн маселелер, сунуш-пикирлер угулуп, энергетика тармагындагы учурдагы абал, жумуш шарттарын жакшыртуу жана тармакты өнүктүрүү боюнча бир катар маселерер каралды. Министр берилген суроолорго жооп берип, көтөрүлгөн маселелерди тиешелүү тартипте карап чыгуу тапшырмаларын берди.
Аны менен катар Баткен облусунда энергетика тармагын жакшыртууга көрсөткөн колдоосу, калкты жарык жана жылуук менен камсыз кылууда көрсөткөн эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А. Ташбалтаев энергетика министри Т.Ибраевге “Ыраазычылык кат” ыйгарды.
Ачылыш аземине КРнын энергетика министри Т.Ибраев, “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын башкы директору И.Сыдыгалиев, Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басар А. Таштабалтаев, Баткен шаарынын мэри С.Кулубаев ошондой эле Баткен ЭТИнин энергетиктери жана жергиликтүү тургундар катышты.