www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Айыл чарбаны кооперациялоо, механизациялоо жана инновациялык технологиялар департаменти тарабынан айыл чарба тармагындагы дыйкан-фермерлерге жана товар өндүрүүчүлөргө айыл чарба техникасын алуу мүмкүнчүлүктөрүн тааныштыруу боюнча иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө министрликтин колдоосу менен «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» аркылуу айыл чарба техникасынын бардык түрлөрүн жеңилдетилген шарттарда алуу мүмкүн экендиги тууралуу кеңири маалымат берилди.

Иш-чаранын алкагында министрликтин өкүлдөрү «Автомаш Радиатор» компанияларына жеринен барып, заманбап жана сапаттуу айыл чарба техникаларынын түрлөрү менен таанышып, бул маалыматты жалпы дыйкандарга кеңири таркатышты. Талас облусунан келген дыйкан Эрнис Байызбек уулу 6 пайыздык арзандатылган насыя менен айыл чарба техникасын сатып алды.

Ошондой эле «Автомаш Радиатор» ЖЧК компаниясынан Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан алынган заманбап айыл чарба техникалары жалпыга тааныштырылды. Атап айтканда, төмөнкү техникалар көрсөтүлдү:

«Беларусь» трактору

Дан жыйноочу комбайн

Пресс-подборщик (чөп таңгактоочу машина)

Соко

Дисктүү борона

Трактор чиркегичи

Картошка жыйноочу комбайн

Ботво тазалоочу машина

Төбө (гребень) түзүүчү культиватор

Сеялка (урук сепкич)

Щелерез (топурак тилгич)

Жер тегиздегич (планировщик)

Таш жыйноочу машина

Дары чачкыч (опрыскиватель)

«Автомаш Радиатор» ЖЧКсы — КМШ өлкөлөрүндө жана Борбор Азияда толук цикл менен радиаторлорду жана жылуулук алмаштыргычтарды иштеп чыгуучу жана өндүрүүчү алдыңкы ишканалардын бири.

Ишкана автоунаалар, тракторлор, комбайндар, энергетикалык жана атайын техникалар үчүн муздатуу системаларын чыгарат.

Заводдо экологиялык таза Nocolok технологиясы менен алюминий радиаторлор, ошондой эле салттуу ыкмада жез-латун радиаторлор өндүрүлөт. Продукция ISO 9001:2015 жана IATF 16949:2016 эл аралык сапат стандарттарына жооп берет.

 

Последние новости