www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстандын куралдуу күчтөрүндө аскер кызматкерлеринин өз каалоосу менен массалык түрдө кызматтан кетип жатышы көйгөйгө айланды. Коргоо министри Бегенч Гундогдыев рапорт жазып кызматтан кетүүгө тыюу салган чечим чыгарды. Натыйжада, командирлерге кызматтан кетүү боюнча документтердин даярдоого бөгөт коюп, офицерлер менен “тарбиялык сүйлөшүүлөрдү” өткөрүү тапшырылган. 

Бирок  тыюуларга карабастан кызматын тапшырып кеткендер көп. Бирок мындай абал расмий эмес жолдор менен жүрүүдө. Кызматка болгон кайдыгерликтин негизги себептери катары, айлыктын төмөндүгү, турак жай жетишсиздиги, коррупция, психологиялык басым кызматтык атмосферага терс таасирин тийгизип жатканы айтылууда. 

Мындай көйгөйлөрдү системалуу түрдө чечүү ордуна, бийлик тыюу салуу жана бюрократиялык ыкмаларга таянууда. Көп офицерлер кызматтан кеткени менен аскер билети, эмгек китепчеси жана паспорту берилбей, өлкөдөн чыга албай ишсиз калышкан.

Последние новости