www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча, балык уулоо билеттеринин жана карточкаларынын сатылышынан түшкөн сумма 13 573 419 сомду түздү, бул 2024-жылдын көрсөткүчүнө (3 146 149сом) салыштырмалуу бир нече эсе көп. Мындай өсүш онлайн билет сатуу системасы киргизилгендин натыйжасында ишке ашты. 

Белгилей кетсек, Балык өнөр жайы комплекси департаменти тарабынан 2025-жылга карата Республикадагы балык чарбасына караштуу суу объектилеринде спорттук-ышкыбоздук балык уулоону жүргүзүү үчүн балык уулоо лимити бекитилген. Мындай лимит Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын Биология институтунун ихтиология жана гидробиология лабораториясы менен макулдашылган. 

Балык уулоо иш-чараларын эффективдүү уюштуруу максатында, коомдук бирикмелер жана жоопкерчилиги чектелген коомдор менен келишимдер түзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын спорттук-ышкыбоздук балык уулоону сүйүүчүлөрү балык уулоо билетин онлайн түрүндө алып, төлөм жүргүзө алышат. Бул үчүн agro.gov.kg расмий сайтынын «Кызматтар» → «Балык уулоо билетин сатып алуу» бөлүмүнө кирип же түздөн-түз “Балык уулоо билети” – https://rb.agro.gov.kg/ шилтемеси аркылуу өтүп, ал жерде жайгашкан ELQR-кодду сканерлөө .

Төлөмдү каалаган мобилдик банк тиркемеси же электрондук капчык аркылуу жүргүзүүгө болот.Төлөм ийгиликтүү аяктагандан кийин электрондук балык уулоо билети колдонуучу каттоо учурунда көрсөткөн электрондук почта дарегине жөнөтүлөт жана ал Кыргыз Республикасынын аймагында толук колдонууга жарактуу болуп эсептелет.

Бул система билеттерди алуу процессин бир топ жеңилдетти, кызматты республиканын бардык аймактарында жарандар үчүн жеткиликтүү кылды жана кагаз документтерди колдонууну азайтууда.

Келечекте электрондук сервистер системасын өнүктүрүүнү улантуу жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана табигый ресурстарды туруктуу пайдалануу максатында балык улоонун лимиттерин сактоого көзөмөлдү күчөтүү пландалууда.

Последние новости