www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 29-январында КР УКМКнын штаб-квартирасында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиевдин катышуусунда улуттук коопсуздук органдарынын 2025-жылга карата оперативдик жана кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарууга арналган коллегиялык жыйын өттү.

Коллегиянын ишине КР УКМКнын борбордук, линиялык жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты. Жыйында УКМК төрагасы мамлекеттик жана коомдук коопсуздукту камсыз кылууда, мыйзамдуулукту жана тартипти чыңдоодо, уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы ырааттуу жана компромиссиз күрөштө улуттук коопсуздук органдарынын ишмердүүлүгүнүн жогорку натыйжалуулугун баса белгиледи.

Отчеттук мезгилде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө, кызмат адамдарынын мыйзамсыз ишмердүүлүгүн аныктоого жана алдын алууга, ошондой эле мамлекеттик түзүмдөрдөгү коррупциялык элементтерди жок кылууга өзгөчө көңүл бурулду. Андыктан жемкорлукка каршы күрөшүү мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыгы бойдон кала берери жана системалуу, институционалдык негизде ишке ашырылып жатканы баса белгиленди.

Ошондой эле, коллегиянын жүрүшүндө акыркы беш жылда коррупцияга каршы күрөшүү чараларынын жана тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 352 миллиард сом (4,14 миллиард АКШ долларына барабар) каржылык активдер, мамлекеттик мүлк, жер участоктору жана башка материалдык баалуулуктар түрүндө кайтарылып берилгени маалымдалды.

Көрсөтүлгөн каражаттар толугу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Турукташтыруу фондунун атайын эсебине которулган жана Мамлекет башчысынын жеке буйругу менен гана социалдык жактан маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга, инфраструктураны өнүктүрүүгө жана республиканын жарандарынын бакубат жашоосун жогорулатууга жумшалат.