www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сокулук РИИБ тергөөчүсү А.Орозбекова укук коргоо органдары жана сот кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз аракеттер жасалганын айтып, Кыргыз Республикасынын Президенти менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасына кайрылды.

Төмөндө өзүнүн укугун коргой албай калган тергөөчү А.Орозбекованын КР Президенти Садыр Жапаровго жана Камчыбек Ташиевге жазган кайрылуусу өзгөртүүсүз берилет. 

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровго

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Мамлекеттик комитетинин төрагасы К.К.Ташиевге

Бишкек ш.  Кантемиров көчөсү № *** үйүнүн тургуну А.Орозбековадан

К А Й Р Ы Л У У

Менин Сизге кайрылуумдун себеби, сот жана прокуратура кызматкерлери тараптан мыйзамсыз аракеттер жүрүп жатканы үчүн аргасыздан сизге кайрылып жатам жана ишти өзүңүз көзөмөлгө алууңузду суранаар элем. 

Мен ИИМдин Тергөө кызматында тергөөчү болуп иштеп жүрүп, 2023-жылы 14-ноябрында Чүй обласына караштуу Сокулук РИИБдин №314-кабинетинде, жаран Абдиев Азаматты алдамчылык беренеси менен козголгон кылмыш иши боюнча суракка алуу учурунда, кабинетке Самара аттуу аял (Абдиевдин жарандык келинчеги) уруксатсыз кирип келип, тергөөнүн жүрүшү тууралуу эскертүүлөргө карабай өзүн агрессивдүүлүгү менен тергөөгө тоскоолдук жаратып, ошол жерден экөөлөп мага кол көтөрүшүп, ден соолугума зыян келтиришкен. 

Бул окуя тууралуу ошол эле Сокулук РИИБде бейбаштык беренеси менен иш козголуп, айыптоо корутундусу Сокулук прокуратурасы тараптан бекитилип, Сокулук сотуна жиберилген. Сокулук райондук сотунда, С.Кожокматова КЖКнын 280-берене 1,4-пункту, 354-беренеси менен күнөөлүү деп табылып, мунапысты колдонуу менен кылмыш жазасынан бошотулган. (АМНИСТИЯ). А.Абдиев болсо КРнын КЖКнын 209-берене 2-болугу 1-пункту, 280-берене 2-бөлүгү 1,4-пункту боюнча күнөөлүү деп табылган.

Андан кийин облусттук соттон каралып, ал жактан да алар күнөөлүү деп табылышкан жана С.Кожокматовага амнистия, ал эми А.Абдиевге айып пул төлөө чечими чыккан. Андан кийин иш Жогорку соттон да каралып, Жогорку сот ишти кайра кароого Сокулук райондук сотуна жиберген.

Ошентип ишти Сокулук районундук сотунда сот Осмонов Феликс кайра карап баштаган. Ошол кезде прокуратура кызматкерлери алмашылып, мурдагы прокурор менен анын орун басарлары алмашып башка прокурорлор иштеп жатышкан. Ишти кароо учурда мамлекеттик айыптоочу болуп прокурордун жардамчысы Джакыпбаева М. катышып жаткан. Соттук процесс жүрүү учурунда мамлекеттик айыптоочу мага “мындан ары сотко катыша албайм деп арыз жазып бер, себеби айыпталуучулар агрессия болбосун” деди. Ошондой эле сен моралдык-материалдык арыз жазып кой деп атайылап, алдап сотко катышпастыгы тууралуу арызымды 2025-жылдын май айында жаздырткан. Мен прокуратурага ишенгем. Ошондон кийин убакыт өтүп мен прокурордун жардамчысы  М.Джакыпбаевага ишти сотто эмне болуп атканын билейин деп телефон чалгам. Ал телефонун көтөргөн эмес. Анан СМС аркылуу “мамлекеттик айыптоочу мен эмес, башка мамлекеттик айыптоочу катышып жатат, ал прокурор Замира Байбагышева С.Кожокматованын тууганы жана ага чалба” (она ее родственница, лучше не звони ей) деди. 

 

Анын мага жазган СМСтери бар. Бирок мен прокурор айыпталуучунун тууганы дегенге көңүл бурган эмесмин. Себеби прокуратураны адилеттүү карайт деп ишенип жүргөм. Андан кийин 21-август 2025-жылы иш соттон кыскартылып кеткенин августтун аяк ченинде уктум. Кыскарткандын негизи болуп, көрсө Сокулук райондук прокуратурасы айыпталуучуларды айыптоодон баш тартыптыр. Ошондон кийин мен областтык сотко аппеляциялык даттануу жаздым. Райондук прокуратура дароо аппеляциялык даттанууга каршы пикир жөнөтүштү. Областтык сотто мамлекеттик айыптоочу айыптоодон баш тартып, райондун чечимин колдоду. Ал жакта мен аппеляцияга көрсөткөн мыйзамсыз кыскартылгандыгын сот дагы прокуратура дагы көңүл буруп коюшкан жок. 

КРнын ЖПКнын 41-беренесинин талабына ылайык Мамлекеттик айыптоочу айыптоодон баш тарткан учурда сотто айыптоону өз алдынча колдогон жеке ачык айыптоо иштери боюнча жабырлануучу жеке айыптоочу болуп саналат. КРнын ЖПКнын 295-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, “прокурор айыптоону жеңилирээк айыптоого өзгөртө алат же болбосо айыптоодон толук же жарым жартылай баш тарта алат. Жабырлануучу айыпты колдогон учурларды кошпогондо, соттук териштирүүнүн мамлекеттик айыптоочунун айыптоодон толук же жарым жартылай баш тартуусу кылмыш ишин толук же анын тиешелүү бөлүгүн кыскартууга алып келет", – деп көрсөтүлүп турат.  Мындан тышкары айыпталуучу менен мамлекеттик айыптоочу тууган экенин мен билгенден кийин, мурунку прокурорлор менен сүйлөшүп калдык, ал айыпталуучу Кожокматова менен мамлекеттик айыптоочу тууган экен. Кожокматова прокуратура менен келишим болгон экен, алар ишти кыскартып берет, ал эми Кожокматова акталгандан кийин эч кимге арызданбайт экен деп билдирди. Алардын кыскартууга көрсөткөн негиздери төмөнкүлөр экен:

- Тергөөчү Б.Алибеков кылмыш ишти өндүрүшкөн кабыл албай туруп 14.11.2023-жылы тергөө амалдарын жүргүзгөн, өндүрүшкө 16.11.2023-жылы кабыл алышкан дешти. Бирок кылмыш иштин материалдарында тергөөчү Б.Алибековдун 14.11.2024-жылы өндүрүшкө ЕРП база аркылуу кабыл алган токтому бар, (токтомдун көчүрмөсү арызга тиркелет);

- Эки кылмыш ишти кошпой туруп А.Абдиевге 280-беренеси айып угузгансыңар дейт, ал эми  кылмыш ишинде эки ишти кошуу тууралуу токтом турат (бул боюнча дагы иштерди кошуу тууралуу токтом арызга тиркелет);

- Экспертиза жана иштин материалдары менен таанышуу протоколдорунда кол коюлган эмес дешти, бул боюнча тергөө маалында айыпталуучулар кол коюдан таптакыр баш тартышкан, баш тартканы тууралуу алардын жактоочусунун катышуусунда актылар түзүлүп, жактоочусунун колу коюлган;

- Айыпталуучу А.Абдиевге карата бөгөт коюу чарасын тандоо жөнүндө токтомдо прокурордун колу коюлбаптыр деди, бул боюнча санкциянын материалынында бөгөт коюу чарасын тандоо токтомунда прокурордун колу турат, (токтомдун көчүрмөсү арызга тиркелет);

- Соттук медициналык экспертизанын корутундусунда жабырлануучу А.Орозбекова больницадан 27.11.2023-жылы чыккан. Бирок корутунду 25.11.2023-жылы чыгыптыр дешти. Бул боюнча биз эксперт Молдобек Тобоевге байланышсак ал соттук процесстерде техникалык ката кеткенин түшүндүргөнүн айтты. Ошондой эле бул боюнча эгер күмөн санашса эмнеге комиссиялык экспертиза өткөрүшпөйт.      

Бирок жогоруда көрсөтүлгөн ишти кыскартуга негиздер деп тапкан пункттар негизсиз. Себеби менде кылмыш иште жок жана ката деген токтомдордун баары турат. Мамлекеттик айыптоочу кыскартууга негизди жазуудан мурун иш документтерин жакшылап барактап карап койсо баардыгы тиркелип турганын көрмөк.

Иш сотто мыйзамсыз кыскартылган үчүн Башкы прокуратурага арыз менен кайрылдым. Алардын деле мени уга турган түрү жок. Кабыл алуусуна кирдим, бирок мен күткөндөй эле жооп алдым, “биз ишти кыскартууга макулдук бергенбиз, артка кайра бара албайбыз, Жогорку сотко жазсаң деле биз айыптоодон баш тартабыз” деди.

Жогорку инстанцияларга ишеним жоголуп, аргасыздан сиздерге кайрылып жатам жана өз көзөмөлүңүздөргө алууңуздарды суранам. Мыйзам чегинде карап берүүңүздөргө ишенем.

Тергөөчү А. Орозбекова

 

Последние новости