www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстанга келген БУУнун алдындагы 9 мамлекеттин туруктуу өкүлдөрү менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө ТИМ башчысы Андорра, Габон, Гайана, Гватемала, Гвинея-Бисау, Намибия, Сент-Китс жана Невис, Чад жана Түштүк Судан мамлекеттеринин БУУдагы элчилерине өлкөдө жүргүзүлүп жаткан социалдык-экономикалык өнүгүү жаатындагы масштабдуу реформалар тууралуу маалымат берип, Кыргызстандын жетишкендиктерине кеңири токтолду.

Ошондой эле 2026-жылы өтө турган маанилүү эл аралык иш-чаралар — ШКУнун саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жөнүндө айтып берди. Министр Кыргызстан үчүн БУУ менен кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, уюм өлкөнүн тышкы саясатында борбордук орунду ээлей турганын билдирди, ошондой эле Кыргызстандын демилгелери жана БУУга мүчө башка мамлекеттер менен өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулады.

Өз кезегинде туруктуу өкүлдөр Кыргызстан тарабынан глобалдык демилгелерди илгерилетүү боюнча жүргүзүлүп жаткан ишмердүүлүккө жогору баа беришти. Атап айтканда, климаттын өзгөрүшү, тоо күн тартиби, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, туруктуу өнүгүү, тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу маселелериндеги салымын белгилешти. Ошондой эле Кыргызстан менен көп тараптуу да, эки тараптуу форматта да кызматташууну тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, дүйнөдөгү геосаясий абал, Борбор Азиядагы кызматташтык жана башка глобалдык маселелер боюнча пикир алмашты.

Программанын алкагында элчилер кышкы туризм объектилерин, алдыңкы технологиялар жаатында тажрыйба алмашуу максатында бир катар мамлекеттик мекемелерди, ошондой эле БУУнун Үйүн жана өлкөнүн тарыхый-маданий көрнөктүү жайларга барышты.

Последние новости