www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2025-жылы 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн алкагында республикалык бюджеттен бир миллиард сомдон ашык каражат бөлүнөт. Бул тууралуу каржы министринин орун басары Нурбек Акжолов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, төмөнкү каражаттар бөлүндү:

эмеректерге — 48 миллион сом;

компьютерлерге — 47 миллиондон ашык;

ишкердик максаттарга — 175 миллион;

жаңы окуу китептерине — 815 миллион.

Министрдин орун басары 2026-жылга карата республикалык бюджетте 1 миллиард 66 миллион сом каралганын кошумчалады.

Эскерте кетсек, 2025/26-окуу жылында Кыргызстандагы 1, 2, 5 жана 7-класстардын окуучулары 12 жылдык окуу планына өтүштү.

Последние новости