www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 29-январда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Айыл чарбаны кооперациялоо, механизациялоо жана инновациялык технологиялар департаменти Сокулук районунда жайгашкан «Салем Агро» жана «Агротурк» компанияларынын ишмердүүлүгү менен жеринен таанышып чыкты.
Иш сапардын максаты — заманбап технологиялык айыл чарба техникаларын сунуштаган жеке компаниялардын мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө, ошондой эле дыйкан-фермерлерди техниканы алуу жолдору тууралуу кеңири маалымдоо болду.
Бүгүнкү күндө айыл чарба техникаларын "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" аркылуу лизинг программасынын же жеңилдетилген насыялардын негизинде, министрликтин колдоосу менен алуу мүмкүнчүлүгү бар экендиги дагы бир жолу белгиленди. Министрлик республика боюнча бардык дыйкан-фермерлерге ар тараптуу колдоо көрсөтүү максатында бул багыттагы иштерди улантууда.
«Салем Агро» компаниясы 2020-жылдан бери Кыргызстанга заманбап жана технологиялык айыл чарба техникаларын жеткирүү менен алектенип келет. Компаниянын ассортиментине сеялкалар, соколор (плугдар), пресс-подборщиктер, өнөр жайлык муздаткыч жабдуулар жана башка айыл чарба техникалары кирет. Бүгүнкү күндө «Салем Агро» тарабынан жеткирилген техникалар өлкөнүн бардык аймактарында ийгиликтүү колдонулуп, айыл чарба тармагынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп келет.
«Агротурк» ЖЧКсы — Кыргызстанда түрк өндүрүшүндөгү айыл чарба техникаларын жеткирүү жана киргизүү боюнча алдыңкы компаниялардын бири. Компания Özdöken, Harmak, Köylü, Üntar, AydinPulluk бренддеринин расмий өкүлү болуп саналат. Ассортиментке топурак иштетүү, себүү, жер семирткич киргизүү, түшүм жыйноо жана мал чарбачылыгына арналган ар түрдүү айыл чарба техникалары кирет. «Агротурк» компаниясы мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар жана фермерлер менен тыгыз кызматташып келет.
Министрликке караштуу кыргыз асыл тукум заводу бүгүн, 29-январда катып калган жер кыртышын, дың жана кайрак жерлерди 70-80 сантиметр тереңдикте, күзгү жана кышкы жаан-чачындын, кардын нымын топтоо максатында терең айдоочу айыл чарба техникасы- чизелдик соко/щелерез «Салем Агро» компаниясынан сатып алды.