www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

18-сентябрдын саат 01:30га карата тажик тарап танк, БТР жана башка оор техникаларын чек арага жакын алып келип, чабуулга даярданып жатканы маалым болду.

Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди.

Эскерте кетсек, Баткен облусуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. 16-сентябрь күнү эртең менен Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы бир нече участоктордо ок атышуу башталган. Лейлек жана Баткен райондорундагы калктуу конуштар аткылоого кабылды. Саламаттыкты сактоо министрлиги 129 адам жабыркап, 24 адам каза болгонун билдирди. Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан улам Баткен жана Лейлек райондорунун жети айылынын, ошондой эле Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жекенди айылынын тургундары үйлөрүн таштап кетишкен.

Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон ок атышууну токтотуу боюнча макулдашты. Бирок, КР УКМКнын Чек ара кызматынын акыркы маалыматы боюнча, тажик тарап келишимдерди кайрадан бузган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости