www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лейлек районундагы 36 метрлик көпүрөнү Тажикстандын аскер кызматкерлери жардырып жибергенин Кыргызстандын Транспорт министрлиги билдирди.

"Көк-Таш-Аксай-Тамдык унаа жолунун 7-чакырымында Дача-Чайхана жолунун тилкесинде тажик аскерлери узундугу 36 метр болгон көпүрөнү жардырып жиберишти", — деп билдирди министрлик.

Алар көпүрө Ак-Суу дарыясынын жээгин бириктирген жана ал 16-сентябрда талкаланган.

Министрлик ошондой эле Тажикстанга басып киргенде жаңжал болгон аймакта Транспорт министрлигинин балансындагы атайын курулуш техникалары калганын кошумчалады. Кеп жүктөгүч, экскаватор, бульдозер жана жеңил унаа жөнүндө болуп жатат.

"Учурда Баткен облусу менен чектеш кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу кароосуз калган техникаларды куткарууга жана абалы тууралуу маалымат алууга мүмкүн болбой жатат. Биринчи мүмкүнчүлүк болгондо бул тууралуу маалымат берилет», - деп билдирдишти министрликтен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости