www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Армиябыздын саны аз болсо да андагы азамат жоокерлерибиздин мекени үчүн болгон духу ар-намысы өтө күчтүү. Мындай пикирин NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде экс-депутат Эсенгул Исаков билдирди.          

--"Өтө өкүнүчтүүсү, карөзгөй саясатчылардын айынан кырчындай уулдарыбыздын жана жөнөкөй бейкүнөө жарандарыбыздын өмүрлөрү кыйылды. Элибиздин башына өтө кайгылуу күндөр түштү. Мекенин коргоп жатып октон каза болгон жоокерлерибиздин, ыймандары саламат болсун. Канча деген кайгы, эмне деген көз жаш төгүлүүдө. Аттиң....

Армиябыздын саны аз болсо да андагы азамат жоокерлерибиздин мекени үчүн болгон духу ар-намысы өтө күчтүү. Кыргызга душман кол салганда эч качан алардын санына карап корккон эмес, тескерисинче канчалык басым болгон сайын чыйралып күчөгөн. Биз эмнебиз менен күчтүү мамлекетбиз, ар бир кыргызмын деген атуул канча жашта болбосун мекенин коргоого даяр. Ошондуктан душмандар ойлобосун аскери аз деп, биз ар бирибиз кайсы убак болбосун мекенибизди коргоого жана жоокер уулдарыбызга жардамга келүүгө дайым даярбыз!", - дейт Исаков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости