www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2022-жылдын 17-сентябрында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларга байланыштуу телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР ТИМдин маалымат кызматы билдирди.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө ТИМдин башчысы курман болгондордун, анын ичинде жергиликтүү жашоочулардын, жер которгондор, көптөгөн социалдык жана жарандык инфраструктуралык объектилердин, анын ичинде мектептер жана турак жайлардын кыйрашы, кыргыз жарандардын мүлкүн жана аларга таандык болгон буюмдарды талап-тоноо фактылары тууралуу маалыматын БУУнун башкы катчысынын назарына жеткирди.
Мындан тышкары, чыңалууну басаңдатууга багытталган ар кандай деңгээлдеги саясий-дипломатиялык аракеттер жөнүндө да маалымат берип, тажик тараптын мурда жетишилген ок атууну токтотуу жана куралдуу күчтөрдү артка кайтаруу боюнча макулдашууларды аткарбоо позициясына байланыштуу өкүнүчүн билдирди.
Ошондой эле Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Тажикстан Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн жана анын туруктуу эмес аскерлештирилген топторунун Кыргыз Республикасынын эгемендүү аймагын кыянат жана негизсиз баскынчылыгынан коргоо жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында чечкиндүү жооп кайтаруу чараларын көргөндүгү жөнүндө маалыматын башкы катчысына берди.
Өз кезегинде БУУнун башчысы кырдаалдын өнүгүшүнө терең тынчсыздануу менен көз салып жатканын белгилеп, чыр-чатактын мындан ары курчушуна жол берилбестигин жана аны тараптардын конструктивдүү тынчтык диалогу аркылуу гана чечүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Мындан тышкары, башкы катчы 2022-жылдын 20-сентябрында Нью-Йоркто Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен бетме бет жолугушуу өткөрүүгө даярдыгын билдирди.
БУУнун лидери ошондой эле тышкы иштер министрин келерки жумада Нью-Йоркто Тажикстандын тышкы иштер министри С.Мухриддин менен учурдагы кырдаалды талкуулай тургандыгына ишендирди.
Булак: NazarNews.kg