www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен: Чек арада кыргыз окуучулары сабалды

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймагында мектеп окуучулары чырдаша кетип, кыргызстандык төрт окуучу жабыр тарткан. Бул тууралуу “Азаттыкка” Баткен районунун акими Учкун Жоробаев билдирди.

Анын сөзүнө караганда, окуя 23-сентябрда саат 13:00 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылынын Дахма участогунда болгон.

“Алдын ала маалымат боюнча кыргызстандык 8-класстын төрт окуучусу мектептен кайтып келе жатканда Тажикстандын 11-классынын 30га жакын окуучусу кыргыз балдарын токмоктоп койгон. Кыргызстандык окуучуларга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, ооруканага жеткирилди. Абалы жакшы”.

"Азаттыктын" тажик кызматына Чорку жамаатынын Сомониён айылынын тургундары Кыргызстандын Көк-Таш айылында жашагандар мектептен келе жаткан тажик балдарды таш менен урушканын айтып беришкен. Маалыматка караганда эки бала, бир чоң киши жергиликтүү ооруканага түшкөн.

Бул окуядан кийин Баткен районунун акими, райондук ички иштер бөлүмүнүн, атайын кызматтын райондук бөлүмүнүн жетекчиси Тажикстандын Исфара районунун башчысы жана укук коргоо органдарынын жетекчилери менен жолукту. Жыйынтыгында эки тарап чек ара аймагында жашаган элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана мыйзам бузгандарга чара көрүү тууралуу макулдашууга келди. Чек ара аймагында абал тынч.

Бул окуя боюнча Тажикстан тарап расмий маалымат бере элек.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында чыр-чатактар болуп турат. Акыркы жолу быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө жаш бала. 180ден ашуун киши жараат алган. Тажик тараптан 19 киши каза болуп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган. Тараптар бири-бирин айыптап, кылмыш иштерин козгошкон. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости