www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдында эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына жана жазма акын, манасчы Тоголок Молдонун 160 жылдыгына карата дүйнөнүн окумуштуу-илимпоздору, эпос айтуучулары менен өнөр адамдары катышкан VI эл аралык "Дүйнө элдеринин эпостору" фестивалынын расмий ачылыш салтанаты болуп өттү.

Ага катышуу үчүн Казакстан, Өзбекстан, Орусия (Хакасия, Тоолуу Алтай, Калмакстан, Саха (Якутия), Новосибирск), Азербайжан, Армения, Беларусь, Латвия, Эстония, АКШ, Иран жана Франциянынын белгилүү окумуштуулары, эпос таануучулары жана өнөр адамдары келген.

Фестивалдын алкагында симпозиум, тегерек стол, концерт, улуттук оюндар өткөрүлдү.

Алгач фестиваль манас айтуу менен башталып, бийлер менен коштолду. Мындан тышкары маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова жана Кыргыз өлкөсүндөгү чет өлкөлүк элчиликтин өкүлдөрү сөз сүйлөштү.



Иш-чаранын жүрүшүндө маданият министри Кайрат Иманалиевдин катышуусунда боз үйдүн түндүгү көтөрүлдү.

Кыргыздын маш ботою жаңырып, чет өлкөлүк өнөрпоздор өз таланттарын тартуулашты.

Ошондой эле манасчы Дөөлөт Сыдыков баштаган бир топ манасчылардын манас айтуусу орун алды.


Фестивалга келген коноктор иш-чара мыкты деңгээлде өтүп жатканын билдиришти.

Иран-Ислам Рспубликасынын Кыргызстандагы элчиси Саид Харрази  "Биринчиден бул фестивалды уюштурган Кыргызстандын өкүлдөрүнө терең ыраазычылыгымды билдирем. Кыргыздын тамак-аштарын, кол өнөрчүлүгүн көрүп абдан суктанып жатам. Мындай фестивалдар чет өлкөдөн туристтердин келишине чоң өбөлгө түзөт.

Биз дайыма Кыргызстандагы фестивалдарга активдүү катышып келебиз жана мындан ары дагы катышып, өзүбүздүн көргөзмөлөрүбүздү көрсөтүүгө даярбыз", - деп билдирди ал.


Эске салсак, аталган фестиваль 2006-жылдан бери өткөрүлүп келет. Ал эми 2021-жылы өтүп жаткан фестивалды Кыргыз өлкөсүнүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Манас жана Чыңгыз Айтматов атындагы Улуттук академиясы жана "Арт Араба" коомдук фонду биргеликте өткөрүүдө.

Долбоор КМШга мүчө мамлекеттердин мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фондунун кызматташтыгынын чегинде өттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости