www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен жана Ош облусунда жер силкинди

Кыргызстандын аймагында жер титирөө болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, 10-ноябрь күнү жер титирөөнүн очогу Тажикстандын аймагында жайгашып, анын күчү очогунда 6 баллга жеткен. Жер титирөө саат 20:37де болгон.

Жер титирөө Баткен облусунун Кан, Зардалы айылдарында 3 балл, Баткен шаарында жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылында дээрлик 2,5 балл болуп сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости