www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаштар!? Сураныч!? Биздин жана бизден алдыдагы муун кетирген каталыкты кайталабагыла!? Сөзүмдү,“Өткөндү тапанча менен атсаң келечек сени замбрек менен атат”- деген лакап менен баштагым келет. Бул сөздүн калетсиз чындык экенин башыман кечирип аткандыктан ушул макаланы сөзсүз жазышым керек деп чечтим. Тарыха бир аз кылчаялы. Дүйнөнү титиретип турган СССР империясынын башына 1980-жылдарда М.С.Горбачевдин бийликке келиши менен элге коммунистик идеядан башканы көрсөтпөй жаап турган “темир парда” алынып демократия агып киргенде Кыргызстан СССР аймагында “Белгисиз Республика” аталган. Себеби СССР курамындагы дээрлик бардык Республикалардын үндөрү чыгып, өзгөчө Прибалтика өлкөлөрү эгемендүүлүктү, демократияны талап кылууга өтүшкөн. Бирок Кыргызстан сыртынан тынч, коммунистик башкарууну толук моюндагандай көрүнгөнү менен ичинен тымызын кайнай баштаган. Кыргызстандагы коммунистик бийликке биринчи тиш кайырып, элдин ойгонушуна себепкер атактуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов болгон. Ч.Айтматов Кыргыз тили проблемасын катуу көтөрүп чыккан. (Түшүнгүлө. Баарын өтө кыскартып жазып атам.) Жыйынтыгында 1989-жылы 23-сентябрь айында азыркы “Кыргыз тилин коргоо” мыйзамы кабыл алынган. Ошол кездеги коммунистик бийликке кың дебей баш ийген Кыргыздар үчүн бул да баш айландырган таңкалаарлык ийгилик эле. 1990- жылдардан баштап жалпы эле СССРдин аймагында тез өзгөрүлөр башталды. Анын ичинде Кыргызстандагы окуяларга кыскача кайрылайын. Эл түрүлүп толкуп, жашоо турмушка нааразычылык күчөп, акыры шаар четиндеги жерлерди басып алуу башталды. Жер басып алышкан жаштарды жазуучу Т.Сыдыкбеков баш болгон интеллигенциянын өкүлдөрү да колдоп кетишти. Бийлик жер басып алгандардын талаптарына макул болууга аргасыз болушту.

Жаш муун “Бириксек колдон келет тура”- дешип кара жанын ойлогон, жеке жашоо талаптарынан өйдө чыгышып, саясий талаптарга өтүштү. СССР кулап “Ар бир республика өз эгемендүүлүгүңөрдү алгыла”- дешсе да биздин Республиканын башындагы жетекчилерибиз “Ар бир Республика өз Президентин шайлаган кантип болсун.Болбойт. Биз бир эле СССРдин Президентине баш ийебиз”-дегени ого бетер жаштардын кыжырын келтирип толкутту. Анткени СССР курамындагы бүт Республикалар өздөрүнүн Пезиденттерин шайлап алышкан. 1990-жылы Кыргызстанда биринчи жолу Ак үйдүн жанына чатыр тигип ачкачылык жарыялап митинге чыкмай башталган. Жаштар “Эскилер бүт кеткиле” - дей башташты. (“Эскилер кеткиле”- дегенге маани бергиле.) А.Масалиев баш болгон дээрлик баардык жогорку кызматта иштегендерди шылдыңдаган ырды Ө.Абдрахманов дегенибиз жазып, ага бир сүрөтчүбүз укмуштуудай келекелеген сүрөт тартып аны китепче кылып чыгарып таратып дуулдаганбыз. Жаштардын кайта-кайта толкуп турушу чыны менен бийликти чоочутуп А.Акаевдин бийлике келишине чо-о-оң себепкер болгонбуз.

Бул биздин кайта оңдой алгыз өтө чоң катачылыгыбыз болгонун анда уулдап-дуулдап жүргөн ошондогу 30 жаштын ары- бери жагындагылар моюнубузга алабыз. А.Акаев Президент болуп шайлангыча түнкү саат 12 ден өткүчө Ак үйдү курчап кетпей туруп шайланганда буркурап ыйлап да жибергенбиз. Т.Тургуналев Ак үйдүн эшик алдынан күтүп алып А.Акаевдин башына Ак калпак кийгизип, ак чепкен жапкан. А.Акаев тилинен бал тамган адам болчу. Сүйлөсө адамды ээритип коючу. Бирок сөзү менен иши эч убакта төп келчү эмес. Калпты эч токтобой туруп чындай айтчу. “Кыргызстанды 3 жылда эле Швейцария кылам. Буга Кыргызстандагы ресурс толук жетет”- деп келип фактылар менен далилдерди төгүп айтса оозуң Ошту эмес Вашингтонду карачу. Өзүн колдоп турган жаштарга таянган А.Акаев ишти эмнеден баштады. “Жаштар талап кылып жатат. Эскилер бүт кетиши керек”- деди да ишти кардрлары өзү билгендей алмаштыруудан баштады. Өмүрү мамлекеттик жетекчилик кызматта иштебеген, өзүнүн лаборанты, бүгүнкү коррупционерлерлин алдыңкысы болгон К.Жумалиевди улам бир майлуу, ичип-жешке ыңгайлуу орундарга алмаштырып коюп турду. Бүгүн Кыргызстандын байлыгын тоноп экономикабызды талкалап элди “итке мингизген” 10 прецент деген атка конушкан Б.Сарыгулов баш болгон далай министрлери өзү менен кошулуп качып жүрүшөт. Ошентип А.Акаев бийликте турган 15 жыл ичинде Кыргызстанда ал бийликке келгиче аты-жыты да жок коррупция деген балакетти кеткис кылып терең орунотуп, тамырлаштырып жайылтып, Кыргызстандын экономикасын талкалап, карызга белчеден батырып кетти. Кайталап баса белгилеп айтайын. Мына, ошол кездеги жаштардын жана “Жаштар талап кылып жатат” - дешип бизди колдогон биздин астыдагы муундун Кыргыз элинин астындагы жууса кеткис катачылыгы А.Акаевди бийлике алып келиши болду. Акаевди мен да 5 жыл катуу колдодум. Анан 10 жыл бою каршы чыгып тытышып күрөштүм. Бирок башында “Картаңдар, эскилер кеткиле! Жаштарга, жаңыларга орун бергиле”-дегендерлдин астынкы катарына жүргөнүмдү жүрөгүм ооруп туруп моюнума алам. Кагылайын жаштар! Силер да бүгүн “Карылар, эскилер кеткиле”- деп атасыңар. Мейли эскилер кетели бирок биз кетирген катачылыкты Силер кайта кайталабайсыңарбы? Бүгүн, Силер бийлик башына алып келгендер А.Акаевден да жаман болбойбу? Биз бир учурда “Карылар кеткиле”- деп өткөндү “автомат менен аттык” эле. Келечек бүгүн бизди (Силер аркылуу) “Катюша” менен аткылып атат. Силер бүгүн өткөндү (Бизди) “Ганатомет” менен атып жатасыңар. Келечек Силерди “Атом бомбасы” менен тоспойбу? Силер да эртең эле картайасыңар. 25-30 жыл кандай өткөнүн да билбей каласыңар. Биздей болуп “Жаңылыптырбыз”-деп ээрдиңерди тиштебейсиңерби? Салыштыргыла? Биз жаштыкка салып “Карылар кеткиле”- деген А.Масалиев, Т.Усубалиевдер кандай адамдар да жаштардын дем күчү менен бийликке келишкен А.Акаев, К.Жумалиевдер кандай адамдар? Кыргыз элине, мамлекетке кимдери ак тилектен кызмат кылышкан? Кимдерди колдодук эле деп эстегенде жети өмүр жерге кирет.

Кааласаңар да- каалабасаңар да моюнуңарга ала турган чындык биздин муун учурунда кетирген өз катабызды кайсыл бир денгээлде аз болсо да оңдоп А.Акаевдин “үй бүлөлүк башкаруу орунотом”- деген аракетин сындырып, өзүн куудук. А.Акаевдин бийлигин кулатыш үчүн элди ойготуу. Элди өз күчүнө ишендирү биздин муун үчүн оңойго турган эмес.10 жылдап тынымсыз күрөшкөнбүз. Далайлар камалган, куугунтукталган. Иштеген ишибиз күн ара текшерүүдө, өзүбүз бассак-турсак аңдууда турчубуз. Эл бүгүн өз күчүнө ишенет. Бийликти алып коюга болооруна ишенет. Биздин учурда элде андай ишеним жок болчу. Элде түгүл, элди “көтөрүлүгүлө”- деп жүргөн өзүбүздө да андай ишеним жок болчу. 2005-жылыл 24-мартта Кудай турат аянтка жөн эле тынч митинг кылганы келгенбиз. Н.Тулеев уюштурган “ак шапкачандар” бизди “Ташка алып кубалайбыз”- деп элди өздөрү ойготуп жиберишкен. Эл агылып Ак үйгө кирип кеткенде А.Бекназаров экөбүз эл менен кошо жүгүрүп жүрүп, кабинеттерди талкалатпай, өткөн (2020-ж.) 5-октябрдын түнүндөгүдөй өрттөтпөй сактап калганыз. Бир аз- бир аз эшик- терезелерди сындырып жиберүүлөр болгон, бирок Ак үй толук аман калган. Эми биздин муундун өтө чоң кемчилдиктерин бирден санайын. 1- А. Акаевди коррупционерлерден турган командасы менен бийлике алып келгенибиз. 2-Биздин муундун ичинен, биздин муунду булгап жаман көрсөтүп, Кыргыз элин, мамлекетин ченемсиз талап тоногон, такыр тойбогон ач көз коррупционерлердин чыгышы. 3- А.Акаевдин бийлигин кулатууга күчүбүз жеткен менен коррупционерлерди жеңгенге, бийликти элге алып бергенге күчүбүз жетпей А.Акаевди, К.Бакиевди кууп кайра эле андан ашкан коррупционерлерге бийликти алып берип койгонубуз. Мына ушул үч чоң катачылык бүгүн биздин муунду жаштарга жаман көрсөтүүдө. Баарыңар билген бир притча бар. Элди коргойм деген баатыр ажыдарды өлтүрүп бирок кайра эле өзү ажыдарга айлана берген. Жаштар! Жаңылыштык кетирбей сактанунун бир эле жолу бар. Ал жол Эл бийликти толук өз колуна алышы керек. Ошондо гана элде ишеним орунойт. Тилеги ишке ашат. Кантип эл бийликти өз колуна алаары тууралуу “Бийлик элдин колунда болуш керек”- деген макаламда толук жаздым.

Чолпонбек Абыкеев, жазуучу

Булак: NazarNews.kg

Последние новости