www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

60 жаштагы, Социалисттик эмгектин баатыры, СССРдин президентинин  кеңешчиси, Нобель сыйлыгына талапкер  Чыңгыз Айтматов 1990-жылы 27- октябрда Кыргыз ССРинин президенти болуудан баш тартат. Ордуна жаш академик Аскар Акаевдин талапкердигин көрсөтөт. Бирок, Турдакун Усубалиев Кыргызстан КП БКнын биринчи секретары болуп турган учурда эле таластыктар баш көтөрүп каршы чыгышкан. Анын себеби Усубалиевдин номенклатурасында башкы ролду өзүнүн жакындары  (Айтбаев, Молдобаев, Базаров) жана чүйлүктөр (Ибраимов, Дүйшеев, Кошоев) ойногон. Андан соң балансты сакташ үчүн түштүктүн тыңдарын көтөргөн (Кулатов, Сүйүнбаев, Масалиев, Матен Сыдыков). Кызмат бөлүштүргөн учурда таластыктардын, көлдүктөрдүн жана өзүнө жакын тууган эмес нарындыктардын өздүк делосун карап да койчу эмес. Көлдүктөр илим жагынан оозуп кетишти, нарындыктар Усубалиевдин Бүбүкан эжесин ортого салып кызматтан кем болгон жок. Таластыктар Кыргызстан КП БКнын экинчи секретары Гаврилов менен “жең учунан” сүйлөшүп, кыргыздын “көмүскө” “БЮРОсун ” түзүшөт. Кыргызстан КП БКнын биринчи секретарлыгына  Чыңгыз Айтматовду дайындашып, Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагалыгына таластык Суванбердиевди дайындай турган болушуп жашыруун пленум өткөзүшөт. Бул ишти билип калган сарбагыш Аалы Токомбаев  иниси Усубалиевге жеткирип, Усубалиев алардан мурун Москвага учуп, Саясий Бюрого, Генеральный секретарга жетип, өз кызматын сактап калган. Кийин Фрунзеге кайтып келип, Айтматовго сен саясатка аралашпай китебиңди жаз деп, Киноматографисттер Союзун берген бойдон калтырып, калган таластыктарды бирден терип жайлаган. Ал мезгилде Айтматов жашыраак болгон. Кийин Михаил Горбачев бийликке келгенде Айтматовду колдоп турган, Горбачев СССРге президент болгондо, ал СССРдин президентинин кеңешчиси болгон. Горбачев СССРге президент болгондо, ал СССРдин президентинин кеңешчиси болгон. 1989-жылы Айтматов Нобель сыйлыгына талапкер болот, аны Нобель сыйлыгын алды дешип куттуктап да жиберишкен. Дал ошол жылы тагдырдын жазмышы менен Берлин дубалы урап, Европадагы социалисттик мамлекеттер рынок экономикасына багыт алат. Бул үчүн Нобель сыйлыгына Горбачевди көрсөтүшөт. Бир өлкөдөн, анда СССР мамлекети эле эки адам көрсөтүүгө болбойт деп Айтматов ала турган сыйлыктан кур калат. 1990-жылы Кыргыз ССРи СССРге салыштырмалуу кичинекей республика болгон. Кыргыз ССРине президент болуудан Чыңгыз Айтматов баш тартып, ордуна Аскар Акаевди түрткөн. СССР бөлүнүп кеткен соң Россиянын президенти Борис Ельцин Айтматовго Горбачевдун кадры катары жакшы мамиле кылган эмес. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын элчиси катары калган өмүрүн Европада өткөргөн.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости