www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаева менен анын уулу Нурали Алиевге Артур Конан Дойлдун айтылуу каарманы Шерлок Холмстун Лондондогу үйү таандык. Бул тууралуу Times басылмасына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Журналисттердин колуна тийген документтерге караганда, 2015-жылы үй-бүлөгө Бейкер-стриттеги Холмстун үйүнөн (221В дарегиндеги) тышкары бир нече курулуш жана ушул эле көчөдөгү 215 жана 237-үйлөрдүн ортосундагы жер тилкеси тиешелүү болгон.

"Маалыматка караганда, бул кыймылсыз мүлктүн жалпы баасы 140 миллион фунт стерлинг (15,5 миллиард сомдун тегереги). Анын 90 пайызы Назарбаевага, калган 10 пайызы уулуна тиешелүү экени айтылат. Бирок жер реестриндеги азыркы маалыматта, бул мүлктөргө Бириккен Араб Эмирлигинде катталган компанияга тиешелүү Farmont Baker Street Limited ишканасы 2005-жылдан бери ээлик кылат", — деп айтылат макалада.

Times басылмасынын жазганына караганда, 2015-жылы финансылык ачык-айкындуулукту көздөгөн Global Witness бейөкмөт уюму иликтөө жасап, сөз болуп жаткан мүлктөр Нуралинин атасы, ишкер Рахат Алиевдин менчиги экенин аныкташкан.

Англия менен Уэльсте 87 миң объект офшордук компанияларга тиешелүү. Андыктан алардын чыныгы кожоюну ким экенин билүү кыйын. Мындан улам Улуу Британияда 2018-жылдан бери ээси кайсы кирешеге сатып алганы белгисиз мүлктөрдү камакка алуучу мыйзамы күчүнө кирген.

Бул мыйзам Нурали Алиевге дагы каршы иштеп, Лондондун түндүгүнөн жер алдында бассейни жана кинотеатры бар үйдү (баасы 104 миллион доллар) сатып алууга кеткен киреше булагын көрсөтүү талап кылынган. Анда Алиев сотто утуп алганы жазылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости