www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Тажистандын Согд облусунун губернатору Ражаббой Ахмадзода Баткендин Достун айылына келишти. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү маалымдады.

“Учурда эки тараптын жетекчилери, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен биргеликте ок атышуу катталган Достук айылында чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө”, - деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, бүгүн, 14-сентябрда эртең менен кайрадан кыргыз-тажик чек арасында ок атылды.

УКМКнын Чек ара кызматы билдиргендей, Кыргызстандын чек ара кызматкерлери Баткендин Булак-Башы тилкесинде кызмат өтөп жаткан учурда Тажикстандын чек арачыларын байкашкан. Алар мурда түзүлгөн келишимдерди бузуп, такталбаган чек ара тилкесинде күжүрмөн позицияларды ээлешкен.

“Тажикстандык чек арачылар кыргыз тараптын тилкеден чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, ок чыгарган. Жооп катары кыргызстандык чек арачылар дагы ок чыгарган. Ок атышууда тажик тарап миномет колдоно баштаган. Атышуудан эки кыргызстандык чек арачы жарадар болду”, - деп айтылат маалыматта.

Ал эми саат 14:00гө карата Баткендин Как-Сай жерлигинде Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын “Достук” чек ара заставасы көздөй ок чыгарышкан. Бирок ок атышуу саат 14:40ка карата токтогон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости