www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Свердлов районунун акиминин орун басары Руслан Бекназаров экстремисттик материалдарды таратуу фактысы боюнча суракка чакыртылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Тергөө кызматы тарабынан социалдык тармактарда экстремисттик материалдарды таратуу фактысы боюнча кылмыш иши иликтенип жатканы белгиленди.

"Facebook социалдык тармагында Кыргызстандын аймагында тыюу салынган "Хизбут-Тахрир-аль-Ислами" экстремисттик-террористтик уюмунун идеологиясына үндөгөн материалдарды таратып жаткан аккаунт аныкталган. Кылмыш ишинин алкагында 1981-жылы туулган жаран Р.Б. ИИМдин Тергөө кызматына суракка чакырылды", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин коомдук ишмер, экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун баласы Руслан Бекназаров кармалганы кабарланган. ИИМ расмий билдирүүсүндө суракка гана чакырылганын айтууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости