www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Учурда Баткен жана Согди облустарынын башчылары “Кызыл-Бел” өткөрүү бекетинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев түз эфирде билдирди.
Анын айтымында, буга чейинки эки өлкөнүн УКМК төрагаларынын макулдашуусуна карабай, тажик тарап ок атууну токтотпой жатат.
“Учурда Баткен жана Согди облустарынын башчылары Абдикарим Алимбаев менен Раджаббой Ахмадзода “Кызыл-Бел” өткөрүү бекетинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бирок жыйынтык азырынча жок”, - дейт ал.
Белгилей кетсек, бүгүн, 16-сентябрда, саат 06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын «Көк-Таш» чек ара бекетинин көзөмөлүндөгү тилкени миномет менен ата баштаган.
Тажикстандын аткылоосунан 59 кыргызстандык жарадар болгон. Ошондой эле 15 жаштагы кыз тажик тарап аткан снаряддын сыныгы тийип каза болду.
Маалыматка ылайык, тажик тарап ок атышпоо келишимин бузуп, Лейлек жана Баткен районунудагы айылдарды аткылоону улантууда.
Ошондой эле эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон Самаркандда бул маселе боюнча жолугуп, чек арадагы абалды талкуулашкан.
Булак: NazarNews.kg