www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен районунун Көк-Таш айылындагы 2022-жылдын 27-январындагы тажик тараптын куралдуу кол салуусунан улам чек арадагы айылдардагы окуу процесси токтоп калган мектептер кайрадан иштеп баштады. Бул туурасында Баткен облустук милициясынын маалымат кызматы кабарлады.

"2022-жылдын 31-январь күнү Баткен районунун Ак-Татыр, Самаркандек, Көк-Таш, Ак-Сай, Орто-Боз, Паскы-Арык, Таш-Тумшук айылдарында жайгашкан билим берүү мекемелери, орто мектептер өз ишмердүүлүгүн жүргүзө баштады. Мектеп окуучуларынын коопсуздугун балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери көзөмөлгө алып, жеринде күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда", — деп билдиришти маалымат кызматынан.

Мындан сырткары, аталган аймактарда коомдук тартипти көзөмөлдөө, чагымчыл аракеттерге жол бербөө максатында милиция кызматкерлери эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын да кабарлашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости