www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын жаранын уурдоого катышкан башка адамдарды издөө иштери уланууда, - деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, УКМК КР Ички иштер министрлиги менен биргеликте “С.Д.” аттуу түркиялык ишкерди уурдоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында мурда издөөдө жүргөн түрк жаранын уурдоонун уюштуруучуларынын бири, 1998-жылы туулган Махаматкарим уулу Ниязалы аттуу КР жараны кармалды.

Азыркы учурда кылмыш ишинин негизги катышуучусу 1971-жылы туулган КР жараны Болот Матраимов издөөдөгө алынып, ал укук коргоо органдарынан из жашырып жүрөт. Ошондой эле жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө “С.Д.” уурдоого түрк тектүү КРнын 1976-жылы туулган жараны Озген Эртугрул Каандын тиешеси бар экени аныкталып, ага издөө жарыяланды.

2022-жылдын 25-январында мурда кармалган "Ж.Б." карата Кыргыз Республикасынын сот органдары тарабынан баш коргоо чарасы үй камагына алуу түрүнө өзгөртүлдү.

КР УКМК жарандарды издөөдө жүргөн адамдар тууралуу маалымат болсо 031260585, 0312660475, 0312626504 жана «102» номурларына билдирүүнү өтүнөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости