www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенчилер балдарга эмне дешти?

Жалал-Абад областындагы Баткен согушунун ардагерлери мектеп окуучулары арасында патриоттук сезимге тарбиялоо иштерин баштап, 100дөн ашуун ардагер дээрлик күн сайын жолугушууларды өткөрүшүүдө. Жалал-Абад шаарындагы №1 мектеп-гимназиясынын окуучулары менен болгон кезектеги жолугушуу Мекенди коргоочулар күнүнө дал келип, кечээки жоокерлер аларга Мекенди кантип сүйүү керектигин айтышты.

Ардагерлер негизинен аскердик кызмат өтөөгө кызыккан жаштар көп байкалбай жатканын белгилешип, окуучуларды мектепти аяктаган соң Кыргыз армиясынын катарында кызмат өтөөгө чакырышты. Деген менен, “баткенчилер” мындай иш-чараларды буга чейин деле салт катары уюштуруп келишкен.

-Азыр жаштар арасында аскердик милдетин так аткарууга белсенген балдар азайып баратат. Анткени патриоттуулук сезими төмөн. Андыктан биз окуучулар менен жолугушуу уюштуруу аркылуу аларды Мекен алдындагы милдетин аткарууга үндөйбүз. Мындай иш-чараны биринчи ирет өткөргөн жокпуз. Биз Жалал-Абад шаарындагы Баткен согушунун ардагерлери жаштарга мотивация берүүнү салт кылып алганбыз. Кечээ жакында университетке, бүгүн мектепте, кийин медициналык окуу жайга барабыз. Ошентип башка мектептерге да барууну улантабыз, -дейт Жалал-Абад областтык бириккен Баткен согушунун ардагерлери кеңешинин төрагасы Рустамбек Амиракулов.

Баткен согушу учурундагы кыйынчылыктар, жоокерлер сырттан келген душманды кантип кайтарышканы тууралуу баяндардан кийин шаардагы аскердик бөлүктүн жоокерлери окуучуларга Мекенди коргоодогу күжүрмөн даярдык машыгууларын көрсөтүштү.

Мектептин мугалимдери жана окуучулары Баткен согушунун ардагерлерине жана аскер бөлүгүнөн келген жоокерлерге жакшы саамалыгы үчүн ыраазылык билдиришип, мындай жолугушуулар окуучуларды туура тарбиялоо үчүн маанилүү экенин айтышты. Ал эми “баткенчилер” окуучулар менен мындан ары да тыгыз байланышта болорун убада кылышты.

Шаардагы №1 мектептин окуучусу Султан Панарбеков ардагерлер менен жолугушуу аларга жакшы таасир калтырарын айтат.

- Акыркы жылдары биздин мектепте мына ушундай агалар менен жолугушуу көп болуп жаткандыгына байланыштуу, биздин мектептен бүткөн окуучу балдар арасында аскердик кызматка баргысы келгендер саны көбөйүүдө, - дейт ал.

Кошумчалай кетсек, Жалал-Абад шаарында 105 Баткен согушунун ардагерлери жашайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости