www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облустук прокуратурасы тарабынан баасы 19 млн 200 миң сом болгон 10 гектар жер тилкеси Кара-Бак айыл өкмөтүнүн балансына кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, аталган айыл өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-октябрындагы жер мыйзамынын талаптарын бузуу менен кабыл алынган токтомунун негизинде А.Н. аттуу жаранга 10 гектар жер тилкеси мыйзамсыз ажыратылып берилгендиги аныкталды.

Мыйзамсыз жеке менчикке берилген жер тилкени кайтаруу максатында прокурордук акты келтирилип, жогорудагы токтом жокко чыгарылган жана 10 гектар жер тилке муниципалдык менчикке кабыл алынды.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен топтолгон материалдар Жазык кодексинин 320-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости