www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Кол ийрисине тартат» мыйзамды депутаттар жазышса, өздөрүн ойлойт да. Кымбатчылык элди жеп, ага кошулуп коронавирус дарты көпчүлүктү мүңкүрөтүп турганда БШК мыйзамына таянып алышып ЖК депутаттары чалчактап жүрүшөт. Мурунку Конституция боюнча депутаттын саны 120 болчу, тобо дагы 90го кыскарды. Шайлоого аттануу үчүн күрөөгө 5 миллион сом коюш керек эле. Парламент байлыкка гана таянып, элдин мүмкүнчүлүгүн чектеп, элдин пикир-сунуштарынан коркуп алардын пикирин кабыл албай, кайра коргонуп, чектелип жатышат. Бул чекгелүү саясаты акырындап элдин оокат кылуусундагы мүмкүнчүлүктөрүн кыскартты. Эми эл кымбатчылыктын сазына тыгылды, ушундай бир оор жагдайга түртүлүүдөбүз. Ошол үчүн БШКнын жаңы мыйзамы бизге үмүт бере алабы? Оорчулуктарды азайтууга парламенттик мыйзамдардын күчү жетеби? Эл бир күнү атырылып чыкканга даяр болуп калышты.
Шайлоого өтүү үчүн босого 9 пайыз болгон. Былтыр күзүндө тогуз пайыздан жети пайызга төмөндөтүү тууралуу мыйзам долбоору көпчүлүк добуш менен өткөн. Албетте, биринчи окуудан бул мыйзам кабыл алынган. Эгер жети пайыздык тосмодон партия өтө турган болсо, беш миллион сомду кайтара алат. Ал эми бул тосмодон өтпөй калган партияларга «багы жокко дагы жок» дегендей 5 миллион сом да жок. Эмнеге чычалаганын ким билет Алмамбет Шыкмаматовдун ордуна келип, күрөшко тойбой калган «Ата –Мекен» фракциясынан депутат Нурбек Сыдыгалиев шайлоого аттана турган күрөөнү 10 миллион сомго чейин жогорулатууну сунуш кылган.10 миллион сомду шайлоого күрөөгө койгондон көрө элди багып оокат кылышпайбы?
Чындыгында Жогорку Кеңеште элдин кызыкчылыгы үчүн иштейм деп келген депутаттар бар эле, бирок көпчүлүктүн турган турпатын көрүшүп, булар да шайлоочуларына кол шилтешип өз арбайларын согуп киришкен. Өз кызыкчылыктары үчүн гана иштеп калышкан. Кээ бирөөлөрдүн же кайсы бир топтордун кызыкчылыктары үчүн мыйзамга “сүйлөшүүлөр” аркылуу добуш бергендер “кур аякка бата жүрбөйт” дегендей бекер, мындай эле макул боло коюшу кыйын. Мындай пикирлер эчак эле тар чөйрөдөн чыгып, коомчулук арасына сиңип кеткен.
Айрыкча, көп акча айланчу, мисалы, ошол эле казино баш болгон кумар оюндары боюнча мыйзамдарды кабыл алууда депутаттарга ири суммадагы акчалар сунушталганы, мындан сырткары, чет өлкөлөрдөн тымызын сунушталган мыйзамдар өзүбүздүн эле бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрү тарабынан ар кандай “акча оюндары” жүрүп тураары тууралуу расмий эмес маалыматтарда айтылып жүрөт. Болбосо 350 000, 500 000 доллар беришип, Жогорку Кеңешке депутат болуп баруу зарылчылыгы барбы, азыркы, бүгүнкү биздин заманда? Бир топ депутаттар «бармактарын жалап» турушат.
Былтыр шайлана турган жетинчи парламент мыйзамсыз мөөнөтүн бир жылга созуп алган. Бир жыл деле өтүп баратат, жакында шайлоолорго үгүт иштери башталат. Кыргызстанда мыйзамдуу катталган 250 дөй партиянын бардыгы эле аттанышпаса керек. Бирок, алардын ичинде өз аймактары үчүн күрөшкөн партиялар сөз жок болот. Ошону менен жалпы мамлекеттик масштабда, бардык ушул маалда боло турган жергиликтүү кеңештерге катыша турган партиялар да бар. Алардын көпчүлүгүн азыркы парламентте орун алышкан партиялар ээлейт. Бул партиялардын ичинде СДПКнын эл алдында баркы кетип, ал парламентке алып келген фракциясынын депутаттары туш-тарапка жөргөлөп качып, 2020-жылы эле тарап кетишти. Бирок, фракция парламенттик мөөнөт бүткүчө жүрөт да. Ушундай шартта да бул партияны колго алышкан Атамбаевдин уулдары социал-демократтык партия түзүшүп, мурункудай жеңишке жетишүүнү ойлошкон. Бирок, 2020-жылы күзүндө ызы-чуу менен аяктаган парламенттик шайлоодо да, 2021-жылы ызы-чуу менен аяктай элек Бишкек шаарында шайлоодо да жеңишке жете алышкан жок. Эми Бишкек, Ош, Токмок шаарларында кайрадан шайлоо өтөт, бул партия канча таасир көрсөтөт, аны шайлоочулар чечер.
Дагы бир учурунда күчтүү таасирге жеткен “Республика-Ата-Журт” фракциясы бар. Бул фракция экиге бөлүнүп чыгышты. Күзүндө болгон парламенттик шайлоодо “Ата-Журт” партиясы башка партияны колдоп жеңишке жетишкен эмес. Бишкекке болгон шайлоодо өтүп келген. “Республика” партиясы Атамбаевдин убагындагыдай алдыңкы орундарга жетишмек түгүл парламенттик шайлоодо да, Бишкек шаардык шайлоодо да өтпөй калган. Бул фракция 2015-жылы парламенттик шайлоого аттанганда “Республика” партиясы менен “Ата-Журт” партиясы бирге аттанышкан. Эки партия жетекчилери тең төрага катары киришип Өмүрбек Бабанов алдыңкы тизмеде, ал эми Камчыбек Ташиев кырктан кийинки тизмелер менен кирген. Ал шайлоодо бийликтин партиясы СДПК 38 орун алган. Бабанов бул кошулган партия алдыда келсе, балким өкмөт башчысын мээлегендир, “РАЖ” фракциясы 28 орун менен экинчи орунда келген. Камчыбек Ташиев сыртта калып, 2016-жылдагы жергиликтүү шайлоолорго “Ата-Журт” өз алдынча чыккан. Ал эми Бабанов “Кумтөргө” байланыштуу камалып, азырынча шайлоону ойлоого чамасы жок.
2015-жылдагы парламенттик шайлоодо лидер болуп келген СДПК саясий аренадан кеткен соң, башка партиялардын СДПК ээлеп келген ордуна ашыгышы табыгый көрүнүш. Бул орунга азыркы парламенттеги “Бир бол”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Кыргызстан”, “Ата-Мекен” партиялары көз артышары бышык. Андан тышкары азырынча парламентте жок партиялар да тагдырларын сынашы мүмкүн. Азыр боло турган Бишкек, Ош, Токмок шаарларына шайлоо күзүндө боло турган парламенттик шайлоого репетиция болор. Ушул сыноодо деле партиялардын таасирдүүлүгү билинип калат.
Экономикалык абалыбыз бир топ оорлошуп кетти. Терс жакка ооп бара жаткан жагдай улана берчүдөй. Өзгөрүүлөр жакшы жакты көздөй күтүлбөй тургандай. Анткени бүгүнкү күндө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү кайра чектеп, эски адаттарга көбүрөөк бурулуп турган шарттабыз. «Ким бурулуп турат?» десеңер, бүгүнкү саясаттагы чечим чыгаруучулар көбүнчө эски эле адаттарды колдонуп жатышат. Болгондо да СССР мезгилиндеги чечимдерди кабыл алышууда. Бул көбүнчө бийликке гана таянып, элдин мүмкүнчүлүгүн чектеп, элдин пикир-сунуштарынан коркуп алардын пикирин кабыл албай, кайра коргонуп, чектелип жатышат. Бул чекгелүү саясаты акырындап элдин оокат кылуусундагы мүмкүнчүлүктөрүн кыскартты.
Кээ бир адамдардын айтуусунда ар ким, ар бир адам деги эле мамлекеттен бир нерсе күтүүнү токтотуш керек. Бизде көп адамдар мамлекетке сыйынышат. Мамлекеттен күтө беришет. Андай нерсени токтотуп, ар ким өз мүмкүнчүлүктөрүнө ишенип, өз оокатгарын эгемен жасаганга көңүлдөрүн бурушу кажет. Өкмөткө ишенүүсү, алардан үмүттөнүп отуруусу - элдин алдануусу. Ошондуктан өкмөттүн ишин көзөмөлдөгөндү гана үйрөнүш керек. Эгер карапайым калк өкмөттү көзөмөлдөй албаса, өкмөттү мыкчып алгандарга улам четинен өз оокатын уурдата берет.
Ошондуктан, келе жаткан шайлоодо дагы уурдаган, жалган сүйлөгөн, жаман иштерди жүргүзгөн адамдарды четке кагып, элге көбүрөөк пайдасы тийген, элге мүмкүнчүлүк бере турган адамдарды таанып-билип добуш берүүсү мезгилдин талабы. Бул - эркиндик, эгемендүүлүк менен бирге оокатын тың сактоодогу ыкма. «Ишкер болом» дегендер да мамлекетке ишенимди токтотушу керек. Ар бир жаран өзүнүн иш аракетине көбүрөөк ишенип, активдүү кадам жасашы шарт. Алдатпай добуш берүү - өсүп-өнүгүүгө чоң өбөлгө.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» конституциялык мыйзамдын долбоору 2021-жылдын 16-июнунда биринчи окууга киргизилет. Мунун демилгечилери – депутаттар Төрөбаев Б.Э., Мусабекова Ж.А., Турдумамбетов О.Ж., Айдаров Н.А., Молдобекова Г.С., Урумкалиева Ч.Ч., Тиллаев Т.Г. Бул маселени Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет караган.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg