www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Электр энергиясы эми жыл сайын көтөрүлүп турабы?

Электр энергиясынын калк үчүн сунушталган тарифин жыл сайын көтөрүп туруу пландалууда. Бул туурасында министрлер кабинетинин «Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө» токтомунун долбоорунда айтылган.

Документте эл үчүн бирдей тарифти (1,09 сом) коюу сунушталган. Анткен менен акырындап көтөрүү пландалууда.

«Элге жана насостук станцияларга электр энергиясынын тарифин 2022-жылы 17,5 пайызга, 2023-жылы 15 пайызга көбөйтүү каралууда. 2024-жылдан баштап калк үчүн тариф иш жүзүндөгү жылдык инфляциянын деңгээлинде түзөтүлүп турат», — деп айтылган долбоордо.

Эске салсак, Улуттук банк Кыргызстандагы жылдык инфляция (өткөн жылдын май айынан тарта быйылкы майга чейин) 10,9 пайызды түзгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости