www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрликтин Баткен регионалдык башкармалыгынын Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биотүрдүүлүк бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан суурлардын жазгы санагы ийгиликтүү аяктады.
Иш-чара жапайы жаныбарлардын санын аныктоо, алардын таралышын баалоо жана популяциясынын жалпы абалын көзөмөлдөө максатында өткөрүлдү.
Санактын жыйынтыгында Баткен облусунун 188 512,2 гектар аймагында 759 суур катталды.
Ал эми «Сурма-Таш» мамлекеттик жаратылыш коругунун 66 194,4 гектар аянтында жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө 3 387 суур эсепке алынды.
Ошентип, Баткен облусу боюнча жалпы суурлардын саны 4 146га жеткени аныкталды.
Министрлик жапайы жаныбарларды коргоо, алардын табигый чөйрөсүн сактоо жана биотүрдүүлүктү көзөмөлдөө багытындагы иштер улантыларын белгиледи.