www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер Кабинети мектептердин ишин жөнгө салган бир катар документтерге өзгөртүүлөрдү киргизип, өлкөнүн 12 жылдык билим берүү системасына өтүүсүн расмий бекитти.
Жаңы тартипке ылайык, мектептик билим берүү үч баскычтан турат: башталгыч мектеп — 6 жыл, негизги мектеп — 3 жыл жана жогорку мектеп — 3 жыл. Мурдагы система 4+5+2 форматында жүргүзүлүп келген.
Ошондой эле окуу жылынын узактыгы такталды. Биринчи класстар үчүн окуу жылы 32 жума, экинчи класстар үчүн 33 жума, ал эми калган класстар үчүн кеминде 34 жума болуп белгиленди.
Мындан тышкары, окуучулар үчүн каникулдардын жалпы узактыгы кеминде 30 күндү түзөт, жайкы эс алуу мөөнөтү кеминде 14 жума болуп бекитилди. Биринчи класстарга эки жумалык, экинчи класстарга бир жумалык кошумча каникулдар сакталат.
Жаңы тартипке ылайык, мектептерде окуу процесси 5 күндүк же 6 күндүк режимде уюштурулушу мүмкүн.