www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алимент төлөбөгөн Баткендин тургуну 2 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматы билдирет.

Сот аткаруучулардын өндүрүшүндө жаран Д. С. К. дан жубайы О. Ж. Г. нын пайдасына кирешесинин 1/2 бөлүгү өлчөмүндө алимент өндүрүү тууралуу иш каралып жаткан. Текшерүүнүн жүрүшүндө карызкор 2022-жылдын декабрь айынан 2026-жылдын январына чейин такыр төлөм жүргүзбөгөнү аныкталган. Жалпы карыздын суммасы 425 801 сомду түзөт.

Карызкор алимент төлөөдөн баш тартып келгендиктен, тиешелүү материалдар соттун кароосуна жиберилген. 3-апрелде Баткен райондук соту айыпталуучуну күнөөлүү деп таап, Д. С. К. сот залынан камакка алынып, 2 жылга эркиндигинен ажыратылды.

"Сот аткаруучулар кызматы ата-энелерди балдарынын алдындагы милдеттерин өз убагында аткарууга жана мыйзам бузуунун кесепети оор болорун эскертет",-деп айтылат маалыматта.

 

Последние новости