www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаттыгына №21 шайлоо округунан талапкер Чыңгыз Айдарбеков БШКнын аракетине байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылды. Айдарбековдун ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Курсанбековдун атынан жазылган кайрылуу социалдык тармактарга жарыяланды.
Анда БШК мандат берүүнү дээрлик бир ай кечиктирип жатканы, мекеменин аракети же аракетсиздиги талапкердин жана ага добуш берген 6259 шайлоочунун укугун бузары белгиленген.
Эске салсак, Жогорку Кеңешке №21 шайлоо округунан келген депутат Куванычбек Конгантиев 10-мартта мандатын тапшырган. Бирок анын мандаты азыркыга чейин бошк калууда. БШК №21 округ боюнча мандат берилбей келатканын Ички иштер министрлигинен суралган маалыматтын кечигип жатканы менен түшүндүрүүдө.
Теги: