www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгеги сиңген ишмер, Баткен облусунун гимнинин автору, Апаз Жайнаковдун 60 жылдыгына карата 2020-жылдын 16-22-ноябрь күндөрү, Баткен облусунда “Апаз Жайнаковдун чыгармачылыгы” аттуу жумалык башталды. Бул тууралуу өмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Эл артистинин ысмын алып жүргөн “Апаз Жайнаков” атындагы музыкалык драма театрынын жамааты демилге көтөрүп, аны жогорку деңгээлде уюштуруу боюнча, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругу чыккан.

“Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова бул боюнча “Апаз Жайнаков” атындагы музыкалык драма театрынын көркөм жетекчиси Курманбек Ниязбековду кабыл алып, бул иш чараны жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча тапшырмаларды берди. Чынара Саттарова өз сөзүндө таланттуу инсандын 60 жылдык мааракесине карата белгиленген иш чараларды, пандемияга байланыштуу өз деңгээлинде өткөрүүгө мүмкүнчүлүк болбогондуктан, пандемия шартында, болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, онлайн форматында иш чараларды уюштурууну тапшырды”, – дешти мекемеден.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости